Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу 24.01.2014 10:13

Жалал-Абад облустук прокуратурасы жыл ичинде 1612 текшерүү жүргүзүп, 2 814 акты түзгөн

Turmush -  Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кызмат адамдарына карата 224 кылмыш иши козголгон. Мындай маалымат облустук прокуратуранын кеңейтилген коллегиясында айтылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Облус прокурору Кылычбек Токтогуловдун айтымында, областтык прокуратура тарабынан 2013-жыл ичинде 1612 текшерүү жүргүзүлүп, 2 814 прокурордук актылар берилген, анын ичинде 511 каршылык билдирүү, мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө 761 сунуш жана 781 талап, 162 алдын ала эскертүүлөр берилген.

Келтирилген прокурордук актыларды кароонун жыйынтыктары менен 1032 кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин пайдасына 6,7 млн сомдон ашуун өндүрүлгөн.

2013-жыл ичинде областтык прокуратура органдары тарабынан аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик өндүрүштөрдү козгоо тажрыйбасын кеңири колдонуп, бул багытта прокурорлор тарабынан чыгарылган токтомдордун кароосунун негизинде 416 мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары административдик жоопкерчиликке тартылып, 1 млн сомдон ашуун айыптар (штраф) салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×