При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

Алайкууда тынбай жааган кар 1,5 метрге жетип, жол жабылып, жарык өчтү (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүндө жааган кардын калыңдыгы 1 метр 20 сантиметрге жетти. Бул тууралуу айыл өкмөттүн Кан-Коргон айылынын тургуну Азирет Айтиев билдирди. Анын айтымында, кечээ, 17-ноябрда электр жарыгы өчкөн.

42

41

«Кар 1 метр 20 см калыңдыкта жаап койду. Учурда да токтобой жаап жатат. Жарык жок, ажатканага чыга албай жатабыз. Жолдор жабылып, малды карай албай калдык. Бизге тиешелүү кызматтардан жардам керек. Телефондордун да батарейкалары өчүп жатат. Байланыш да үзүлүшү мүмкүн», - деди ал.

Айыл өкмөттүн дагы бир тургуну Уулкан Туюкбаева окуучулардын көбү сабакка барбаганын, бала бакчалар да ишин токтоткондугун кошумчалады.

«Окуучулар үйлөрүндө кар тазалоо менен алек. Мектепке жанаша жашаган окуучулар гана сабакка барды. Негизинен окуу болгон жок. Учурда кар токтобой жаап жатат. Жарык жок. Айыл өкмөттө 10 мектеп бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21724
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×