Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

«Жеңеке»: 1-топтогу майыптык П.Раева менен жолдошунун 5 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшүнө тоскоол болгон жок (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Перизат Раева. Ал мындан 2 ай мурун Ысык-Көл облусунун Түп айылына турмушка чыккан. Аймактык кабарчы жаш жеңеден кабар алды.

Перизат 1991-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында төрөлгөн. Төрөлгөндөн тарта тубаса 1-топтогу майып катары каттоого алынган. Жолдошу Урмат Шиваков өзүнөн 7 жашка улуу. 5 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, алтынчы жылы баш кошкон жубайлар учурда Ош шаарында жашашат.

«2009-жылдан тартып журналистикага кызыга баштадым. Ошол жылдары мен тууралуу чакан документалдуу тасма тартылган. Тасма эфирден кеткенден кийин мага жолдошум телефон аркылуу байланышкан. Ал мени сыналгыдан көрүптүр. Журналисттердин жардамы аркылуу менин номурумду таап, байланышка чыгыптыр. Ал тасмада жашоого болгон көз карашымды, мүмкүнчүлүгүм чектелгенине карабай жашоону сүйөөрүмдү айткам. Менин бул кыялдарым, ойлонгон оюм жолдошума жаккан экен. Ал убакта экөөбүз эки жакта болгонубуз менен сезимдерибиз телефондо сүйлөшкөндө эле ойгонгон болчу. Мен жайкысын Ысык-Көлгө эс алууга барганда, жолдошум Ошко жумуштары менен келгенде жолугуп турчубуз. Урмат мен кандай болсом ошол калыбымда сүйдү. Ал сүйүүнү далилдеди», - деди Перизат.

Жаштардын баш кошуусуна Перизаттын туугандары жердин алыстыгын айтып каршы болсо, Урматтын ата-энеси кыздын ден соолгунан чочулашкан. 5 жылдын аралыгында экөөнүн тең сезимдерин байкаган ата-энелери акыры макулдугун беришет. Урматтын ата-энеси Ошко келип сөйкө салып, тойду Ош шаарында өткөрүшкөн.

«Тойго 10 күн калганда кайындарым Ошко келип, ижарага батир алышкан. Ошол батирге мени келин кылып алып келишти. Кайын журтум мага ыңгайлуу болсун деп шарттарды түзүп жатышат.

Тойдон кийин кайын эжелериме чай сунсам алар башкача көз караш менен карашты. Алардын жүзүнөн таң калууну байкадым. Көлдүн салтын билбегендиктен мен да уялбай эле эмне болгонун сурадым. Алар чайга бал же шекер кошуп беришим керектигин айтышты. Учурда бул сыяктуу майда нерселерди жолдошумдан үйрөнүп жатам. Жакында кайын журтума барып келебиз. Ал жакка барганда түшүнбөстүктөр болбосун деп алдын ала даярданып жатам», - деди Перизат.

Жубайлардын келечекке койгон пландары көп. Алар көп балалуу болуп, тандаган кесипте алдыңкы адис болууну кыялданышат. Бала кезинен тартып кыялкеч өскөн Перизат анын максаттарынын дээрлик көпчүлүгү орундалганын айтат.

«Жолдошумдун ден соолугу жакшы. 1-топтогу майып кыз кантип дени соо адамга турмушка чыкты деп таң калгандар көп. Бул нерсени сүйүү деп коет. Биз сүйлөшүп жүргөн аралыкта таарынычтар болду. Мындай учурда да анын карындашы менен дос катары мамиле кылчумун. Эң негизгиси мамилени туура жасай билүү керек. Аялзаты кыял-жоругун оңдосо эле уруш-талаш аз болот», - деди жаш жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17201
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Almaz2015
14:01, 15 ноября 2016
Желаю счастья!
Нет аватара
sovettik
10:04, 15 ноября 2016
Кармашкан колунар узулбосун! Бактылуу болгула!
Нет аватара
eddi8
09:22, 15 ноября 2016
Каждый человек имеет право быть счастливым!
Кармашкан колунар бекем болсун! Бакыт Доолот жана ден соолук каалайм!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 6 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу