Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Бишкек жана Ош шаарларындагы кеңсеге кабарчыларды чакырабыз

Turmush -  АКИpress агенттигинин Turmush басылмасы Бишкек жана Ош шаарларындагы кеңсенин кыргыз тилдүү бөлүмүнө кабарчылыкка кызыккан жаштарды чакырат.

Каалоочулар өзү тууралуу маалыматты (резюме) aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот. Тандалган талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

Ошондой эле, өлкөдөгү алдыңкы маалымат агенттигинен тажрыйба топтоону каалаган активдүү студенттер менен кызматташууга даярбыз.

Байланыш номуру: Бишкек шаары — (0312) 45 66 72, (0554) 65 60 25, Ош шаары (0554) 65 60 53.

Turmush – Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош жана Чүй облустарындагы — жалпы Кыргызстандын аймактарындагы ар тараптуу жаңылыктарды ыкчам, так жана жеринде окурмандарга жеткирет.

АКИpress аймактардагы жаш, активдүү жана креативдүү кыргызстандыктарды Turmush долбооруна кошулуу менен өлкөнүн шаарларындагы, райондорундагы жана айылдарындагы абалды биргеликте жакшыртууга чакырат.

Учурда Turmush.kg сайтынын өлкөнүн аймактарындагы кабарчылары 100дөн ашты жана алардын катары активдүү, креативдүү, патриот кыргызстандыктар менен көбөйүүдө.

Ошондой эле учурда Ош, Нарын, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарында Turmush басылмасынын өкүлчүлүктөрү — кеңселери иштеп жатат.

2

3

4

5

1

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25815
Көп окулду
×