Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.11.2016 10:33

Жети-Өгүздө 9 айдагы жол кырсыгынан 9 адам каза болуп, 118 адам жабыркаган

Turmush -  Жети-Өгүз районунда ушул жылдын 9 айында 61 жол кырсыгы катталып, 9 киши каза болгон. Бул тууралуу РИИБдин башчысы Т.Тюкебаев маалымдады.

Анын айтымында, жол кырсыгынын кесепетинен 118 адам денелеринен ар кандай жараат алышкан.

«Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы боюнча 1119 административдик протокол түзүлгөн. Мас абалындагы 67 айдоочу кармалган. Жол эрежелерин сактабаган айдоочулар тарабынан соттун чечими менен 583 миң сом, Патрулдук милиция кызматы тарабынан бюджетке 870 миң сом айып төлөтүлгөн», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×