Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-январь

Министр Т.Батыралиевди Базар-Коргонго чакырган тургун анын жол киресин, жатаканасын төлөп, кой союп берүүгө даяр (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Совет айылынын тургуну Жыргалбек Байдалиев саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевден аймактык ооруканага келип, дарыгерлердин билим деңгээлине баа берип кетүүнү өтүндү.

Ж.Байдалиевдин айтымында, Базар-Коргондогу дарыгерлерди аттестациядан өткөрүү керек. Анткени, дарыгерлерге карата элде нааразычылык көбөйдү.

10

Райондун эли райондук ооруканага караганда Ноокен аймактык ооруканасына көп кайрылышат. Анткени райондук ооруканада баш аламандык орун алган.

«Министр Т.Батыралиевден районго келип, дарыгерлерди тез аранын ичинде аттестациядан өткөрүп кетүүсүн суранам. Антпесе, айрым шалаакы дарыгерлердин айынан атуулдар жабыркап калышы мүмкүн. Эгерде министр биздин үнүбүздү угуп, районго келсе анын жол киресин, жатаканасын каржылайм, тамак-ашы да менден болот, кой союп сыйлайм, мончосу менен уюштуруп берем. Министрден бир келип, дарыгерлердин чыныгы жүзүн, билимин көрүп кетүүнү суранам. Бул жердеги дарыгерлерди дарыгер эмес эле мал доктур деп калышты», - деди ал.

Анын министрге кайрылуусуна жакында анын карындашы дарыгердин айынан оор абалда ооруканага түшүп калышы себеп болгон.

Ошондой эле,  бир нече жыл мурун атасы кант диабети менен жабыркап, дал ушул ооруканада дарыланганын, дарыгерлер бутун кесип, кыйнашканын айтты. Анын айтымында, атасын райондук ооруканадан «адам болбойт» деп чыгарып коюшкан. Андан кийин атасын Оштогу ооруканага алып барышкан. Оштон бейтапты көргөн дарыгер: «Бутун ким кести? Ал дарыгер эмес эле мал доктур окшойт», - деп айтканын белгиледи.

Райондук ооруканадагы дарыгерлер дарылабай, оор абалда деп ооруканадан чыгаргандан кийин атасы 5 жыл жашаган.

Буга чейин маалымдалгандай, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргызстандагы эң начар оорукананы атаган.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
rahmanbek
13:40, 31 октября 2016
чынында эле райондогу тажырыйбалуу врачтар бут башка жакка кетип калышкан,алардын айлык-маянасы ото томон,элдин эсебинен жашашат айла -жоктон-буга мамлекет куноолуу.ЖАШ ВРАЧТАтажырыйбасы аз ,жетекчилиги да оставляет желат лучшего.бир министр балакетти да чече албайт,каражаты жок болгон сон.аАл эми бул бала тантырабай жалал-абад Ошко алып барсын оорулууларын.Азыр рынок-экономикасы болгондуктан ,жакшы доктор.жакшы акчага жакшы карайт.Ошол эле райондо эн мыкты ,Узбекстандан келип дарыланышып,очередке турушуп корунолу деп , эл сыйлаган коллега -агабыз,мыкты хирург-врачЖаныш аке Байгазиев бар.Ошол кой-сауна жол кире акчаны карындашына жумша,атан арактан жабырланса-доктурлар причем-
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат