Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фоторепортаж - Министр Т.Батыралиев өлкөдөгү эң начар абалда турган оорукананы атады

Turmush -  Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылындагы оорукананын имаратына 2014-жылы 1 млн 550 миң сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутатынын көмөгү менен Могол айылындагы оорукананын имаратынын чатырына, ашканасына оңдоо иштери жүргүзүлүп, ага жалпы 1 млн 509,5 миң сом жумшалган.

Базар-Коргон райондук ооруканасында дагы 2015-жылы жалпы суммасы 5 млн 611,2 миң сомго оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Аким Т.Дөлдөевдин көмөгү менен жугуштуу оорулар бөлүмүнө таза суу тартылып, жуунучу бөлмө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле, терапия бөлүмүндө дагы оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

2016-жылы райондук оорукананын төрөт бөлүмүн оңдоо үчүн тендер өткөрүлүп, бөлүнгөн каражаттын суммасы 3 млн 643 миң сомду түзгөн. Учурда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, даараткананын курулушу башталып, ага 571,5 миң сом бөлүнгөн.

Базар-Коргон райондук аймактык ооруканада 48 дарыгер, 179 медициналык мээрман айым, 76 кенже медициналык кызматкер жана 48 түрдүү кызматкерлер болуп жалпы 351 медицина кызматкер иштейт.

2016-жылы оорукананын төрөт бөлүмүн оңдоо үчүн сынак жарыяланды. Төрөт үйүнүн оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 1 млн 957 миң 477 сом бөлүнгөн, анын 30%ы иштетилди. ФОР долбоорунун эсебинен 292 миң 610 сом бөлүнгөн. 1 млн 864 миң сомго эшик, терезелерди алмаштырууга электрондук порталга сынак жарыяланды.

Учурда аймактык оорукана БУУнун негизинде иш алып барууда. ОМСтин эсебинен 700 миң сомго УЗИ аппарат DС-N2, өпкөнү жасалма вентиляциялоо аппараты ФАЗА-21-523 миң сомго алынган. Дары-дармектер үчүн темирден шкафтар 9,8 миң сомго, тараза 14 миң сомго, жасалма аппарат 46 миң сомго алынды, бардыгы болуп 1292,8 миң сомдук медициналык жабдуулар алынды. Оорукана кышка карата 25 тонна көмүр менен камсыздалды.

Буга чейин маалымдалгандай, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргызстандагы эң начар оорукананы атаган. Жогорку Кеңештин жыйынында 20-октябрда депутаттар «Жарандарга психиатриялык жардам берүү жана анын кепилдиги жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карашкан.

Анда, депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынан кайсыл оорукана эң начар экендигин сураган.

«Бардык ооруканалардын техникалык жабдуулары бирдей, бирок Базар-Коргон районунун ооруканасынын абалы эң начар», - деп жооп берген Т.Батыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×