Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-январь

При поддержке MegaCom

Фото - Ырчы жана куудул Ж.Айтиевдин уулун бычактап өлтүргөн шектүү кармалды (толугу менен)

Turmush -  Ош шаарында 12 жаштагы Айтиев Туратбек Жеңишбекович киши колдуу болуп каза болду. Ал белгилүү куудул, ырчы жана тамада Жеңишбек Айтиевдин туң уулу.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-октябрда саат 12:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн жашоочусу кабар берип, өспүрүм баланы белгисиз бирөө бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге алгач Патрулдук милициянын кызматкерлери, оперативдүү тергөө тобу жана Ош ШИИБдин жетекчилиги барган. Аталган көчөдөгү №1 «Б» дарегиндеги турак үйдүн алдынан табылган дене жергиликтүү тургун — 2004-жылы туулган Т.Айтиев экендиги аныкталган. Бул дарекке келген медицина кызматкерлери анын каза болгондугун билдирген. Маркум өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана моюнунда бычактын бир нече изи болгон.

Бул кылмышка шектелип коңшусу кармалды. Шектүү — 1994-жылы туулган А.Н. Россияда иштеп жүрүп, 1 ай мурун кайтып келгени белгилүү болду. Ал кармалган учурда колуна бычак кармап жүргөн. Шектүү: «Ал (каза болгон бала) үйүмө келип, тамагыма уу салайын дегенде подъездден кармап алып бычактап салдым», - деп айткан. 

Шектүү

ултургон

Кылмышка шектүүнүн атасынын айтуусуна караганда, уулу мурда психологиялык оору менен жабыркаган эмес. Бирок, айрым белгилерин байкап калчу. Ал психикалык жактан жабыркаган адам катары ооруканага каттоого алынган эмес.

Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсү

ултургон1

Учурда Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгоп, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Ж.Айтиев

1

Тамашалары жана тамашалуу ырлары менен таанылган Ж.Айтиев тойлордо тамадалык кызмат көрсөтөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ж.Айтиев 3 уул жана 1 кыздын атасы.

4 жыл мурунку сүрөттө: Ж.Айтиев, улуу баласы Туратбек жана кесиптеши Санжар Бердибеков.
Жениш
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16236
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат