Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2016 13:19

«Женгонун» ишин тергөөгө кайтарууга нааразы болгон полковниктин жакындары Жогорку сотко кайрылды

Turmush -  Киши колдуу болуп каза болгон милициянын полковниги Толкун Шоноевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун үстүнөн козголгон иш кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Райондук, облустук сот да кайра тергөөгө жөнөтүлсүн деп чечим чыгарган. Иштин тергөөгө кайра кайтуусуна нааразы болгон Шоноевдин жакындары Жогорку сотко кайрылган. Бул ишти азырынча Жогорку сот карай элек. Сотко өтүнүчтү Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева келтирген. Бул маалыматты жактоочу Н.Сүйүнбаева тастыктады.

Н.Сүйүнбаева

51
Досоновдун жактоочусу иштин ичинде көп процессуалдык документтер бири-бирине дал келбейт жатканын айткан эле. Ишти Кара-Суу райондук соту карап жаткан.

К.Досонов

52
Окуя тууралуу:

К.Досоновго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

УКМК ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүү менен издөөгө алынган 44 жаштагы К.Досоновду 2015-жылдын 16-апрелинде колго түшүргөн. Башкы прокуратуранын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы К.Досоновду суракка алууну баштагандыгы 14-майда маалымдалган.

ИИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары жана Ош шаары боюнча бандиттик, буюртма өлтүрүүлөр жана талап-тоноочулук боюнча бөлүмдүн мурунку башчысы Толкунбек Шоноевдин өмүрүнө кол салуу 2013-жылдын 11-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон.

Т.Шоноев

53

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×