При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Ала-Буканын тургундары мүрзөдөн казып чыгарып салган башка диндеги аялдын сөөгү 3-жолу жерге берилди

Turmush -  Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 13-октябрда каза болгон 76 жаштагы К.С. аттуу аял 3-жолу жерге берилди.

Каза болгон жаран христианчылыктын баптист агымын карманып келгендиктен айыл тургундары аны мүрзөгө койдуруудан баш тартышкан эле. Элдин нааразычылыгынан кийин ал Өрүктү айылында жерге берилген. Бирок, Өрүктү айылынын тургундары башка диндеги адамдын мүрзөгө коюлушуна нааразы болуп, анын сөөгүн мүрзөдөн казып чыгарып салышкан.

Каза болгон жарандын сөөгү 15-октябрда Ала-Бука айылындагы мүрзөгө акимдин кийлигишүүсүнөн кийин коюлган. Кечээ, 17-ноябрда Ала-Бука айылынын тургундары дагы башка динди карманган жарандын сөөгүн казып чыгарып салышкан. Маркум кечээ укук коргоо органдары тарабынан кайрадан жерге берилди.

Ала-Бука районунун башкы имам хатиби Шумкар Чыналиев элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, эл сөөктү мүрзөдөн казып чыгарып салышкандыгын айтты.

«Биз мүмкүн болушунча жер-жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бирок, жергиликтүү тургундар башка динди карманган адамды көмдүрбөйбүз деп каршы чыгып туруп алды. Каза болгон маркумдун кыздары имамдарга нааразы болуп, «ушулар уюштуруп жатат» деп бизге күнөө коюп жатат. Негизинен бардык адам жерге көмүлүүгө акылуу. Биз мындан кийин дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Учурда ал жарандын сөөгүн милиция кызматкерлери жерге берди», - деди Ш.Чыналиев.

Ала-Бука районунда мындай окуя 6 жыл мурда болгон. Өрүктү айылында христианчылыкты карманган жарандын сөөгүн жергиликтүү мүрзөгө жашырууга жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан.

Ала-Букада башка динди карманган жарандын сөөгү туулган айылына коюлмай болду

Ала-Букада башка динди карманган жаран каза болуп, аны тургундар мүрзөгө көмдүрбөй жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4235
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
janybek_diagnostik
19:37, 19 октября 2016
Кыргызстандын жүзү, деңгээли, жетишкендиги, мактанычы.
Нет аватара
boomerang
19:30, 18 октября 2016
имам все втихаря организовывает его надо арестовать и пора открыть кладбище для непридурков исламиств
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×