При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Эродүйнө: Сексуалдык катнаш учурунда аялдар эмнени ойлойт?

Turmush -  Дээрлик ар бир эркек анын сүйгөнү сексуалдык жакындык учурунда эмнени ойлой турганы жөнүндө өзүнө суроо берсе керек. А балким, ал төшөктө башка адамды элестетет? Бул тууралуу изилдөөчүлөр аялдардын өздөрүнөн сурап көрүштү. Жыйынтык эркектердин Men's Health журналына жарыяланган.

Сурамжылоого 2500дөн ашык аял катышкан. Көпчүлүгү өздөрүнүн сексуалдык жашоосундагы маалыматтар менен бөлүшүүгө даяр болушту. Андыктан эркектер жыныстык жакындыктан кумар алуусу гана керек.

Изилдөөгө ылайык, көп аялдар төшөктө башка эркек жөнүндө ойлонушпайт, алар көбүнчө өзүнүн өнөгүнүн жакшы жактарын көргөнгө аракет кылышат жана ага басым жасашат. Алсак, сурамжылоого катышкандардын 30%ы аларды булчуңдуу колдор дүүлүктүрөрүн айтышкан, 25%ы — эркектин кенен далысына көңүл бурат, ал эми 6%ын — машыгуудан пайда болгон курсак булчуңдар (кубики пресса) кызыктырат.

Айрым аялдар бирде өнөгүнүн аракеттери жөнүндө ойлонушса, бирде анын канааттануусуна кам көрүп, бирде өздөрүнүн сезимдерине которулушат. Фантазиялар да, албетте бул тизмеде бар. Изилдөө учурунда аныктоого мүмкүн болгондой, сурамжылоого катышкандардын теңи көп учурда болбосо да, жок дегенде бир жолу атактуу адам менен жыныстык мамилени кыялданышкан.

Негативдүү учурлар тууралуу айтсак, бул жерде биринчи планда эркектин оозунан чыккан жаман жыт турат. Бул тууралуу ойлор аялдарды толук ырахат алуудан түртөт. Ошондой эле, көптөрүнө жыныстык катнаш учурунда эркектин жаман сөздөрү жакпайт. Эгерде эркек сүйлөп туруудан кармана албаса, анда өзүнүн төшөктөгү өнөктөшүнө эротикалык мүнөздөгү жылуу сөздөрдү, комплименттерди айтып турганы жакшы. Онтоо менен үн чыгарып, дем алуулар да ашыкча кылбайт, албетте, бул белгилер аялдарга гана таандык деп эсептелет. Бирок, аял эркектен ушундай добуштарды угуп турса, ал аны менен болуу өнөктөшүнө жагып жатканына ишенип, өзү да көбүрөөк рахат алат.

Андан тышкары, суроолорго жооп берген ар бир 10 аялдын төртөө, катнаш учурунда өнөктөштөрү алардын төшүнө көбүрөөк көңүл бурууну каалашарын белгилешкен.

Бардык жоопторду анализдеп чыккан изилдөөчүлөр: «Ооба, аялдар жыныстык мамилеге тийиштүү өздөрүнүн ойлору жана каалоолору боюнча башка адамдар менен оңой эле талкуулай алышат, бирок көпчүлүгү өздөрүнүн мырзалары менен бул теманы козгоодон качышат. Анткени алар өнөгүнүн сезимдерине тийип алуудан коркушат», - деген корутунду чыгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23214
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
poker
12:01, 16 июля 2017
кайран гана кыкемдер,сексти кечке ойлобой иштебейснерби
Көп окулду
×