Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-январь

Ала-Букада башка динди карманган жарандын сөөгү туулган айылына коюлмай болду

Turmush -  Ала-Бука районунда башка динди карманган жарандын сөөгү анын туулуп өскөн айылына коюлмай болду. Бул тууралуу Ала-Бука районунун имам хатиби Шумкар Чыналиев билдирди.

Анын айтымында, Сары-Талаа айылынын тургундары каза болгон жаранды көрүстөнгө койдуруудан баш тартышты.

«Айыл тургундары менен жолугушуу учурунда эл маркумду мүрзөгө койдуруудан баш тартышты. Мындан улам каза болгон жарандын туугандары аны туулуп өскөн Чаткал районунун Шакафтар айылына коюшат. Учурда анын кыздары эл алдында башка динден чыгып, ислам динин кабыл алганын билдиришти», - деди Ш.Чыналиев.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 13-октябрда 76 жаштагы жашоочу (аял киши) каза болуп, тургундар Сары-Талаа айылындагы көрүстөнгө койдурууга каршы чыгышкан. Каза болгон жаран христианчылыктын баптист агымын карманып келген.

Бүгүн жергиликтүү тургундар менен райондук бийликтин жетекчилери жолугуп, бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Ала-Букада башка динди карманган жаран каза болуп, аны тургундар мүрзөгө көмдүрбөй жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1330
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат