При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Ала-Букада башка динди карманган жаран каза болуп, аны тургундар мүрзөгө көмдүрбөй жатат

Turmush -  Ала-Бука районунда башка динди карманган жашоочу каза болуп, анын денесин тургундар мүрзөгө көмдүрбөй жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар каза болгон жаран христианчылыктын баптист агымын тутунгандыктан аны мусулмандардын мүрзөсүнө койдурууга каршы.

76 жаштагы К.С. (аял киши) 13-октябрда каза болгон. Учурда анын сөөгү кайсыл жерге коюла турганы белгисиз болууда. Бул маалыматты Сары-Талаа айылынын айыл башчысы Мырзагул Жээнкулов дагы ырастап, бул маселе бүгүн чечиле турганын билдирди.

«Буга чейин каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө тургундар эскертүү беришкен. Алар: "өзүбүз билебиз" деген жооп айтышкан. Учурда каза болгон жаранды жерге берүү маселеси каралууда», - деди М.Жээнкулов.

Ал эми район акими С.Акпаралиев бул маселе сүйлөшүүлөр аркылуу чечиле тургандыгын айтты.

«Учурда тургундар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушу уюштурууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1520
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу