Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Памирлик кыргыздар көчүп-конуп жашашат, ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес, - Т.Жуманов

Turmush -  Ушул жылдын 2-октябрынан 11-октябрга чейин уюштурулган «Памирлик кыргыздарга Кыргызстандын элинен жардам» акциясынан чогултулган каражаттар Афганистан мамлекетинде күн кечирип, Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүндө жашаган кыргыз боордоштого жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык казыятынын басма сөз катчысы Толкунбек Жуманов билдирди.

Анын айтымында, аталган акцияга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Бишкек шаардык казыяты жана жалпы мусулмандар четте калбастан жардамдарын чогултушуп, кийим-кече жана акчалай каражаттарын топтошкон.

«Афганистан мамлекетинде жашаган кыргыздар Кичи Памир жана Улуу Памир болуп экиге бөлүнгөн аймакта күн кечиришет экен. Кыргыз боордоштор жашаган аймак Пакистан, Кытай, Тажикстан жана Афганистан мамлекеттери менен курчалат. Эки памирде жалпысынан 350 үй-бүлө жашашат экен», - деди Т.Жуманов.

Бишкек шаардык казыяттын басма сөз катчысынын маалыматына ылайык, Памирдеги кыргыз боордоштор туруксуз аба ырайы болгондуктан көчүп-конуп жашашат. Ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес. Себеби, кыргыз боордоштор үчтөн, төрттөн үй-бүлө болуп кышта, жазда, жайда, күздө жашачу жерлерде көчүп-конуп күн кечиришет.

«Айыл башчыларын «шора» деп аташат экен. Кичи Памирде 8 шора, Чоң Памирде 6 шора бар экен. 14 шораны (айыл башчыларын) чогултуп кыргыз элинен келген жардамды толугу менен тапшырып бердик», - деди ал.

Памирлик кыргыздарга жеткирилген жардамды коштоп ар кайсы уюмдардан 22 делегат барышкан.

«Жалпы элден топтолгон кийим-кече, тамак-аш азыктары жана ар кандай керектүү буюм-тайымдар жалпысынан 8 КамАЗ болуп, Кичи Памирге 4 КамАЗ, Улуу Памирге 4 КамАЗ жардам тапшырылды. Мунун ичинде жалпы мусулмандар тарабынан Бишкек шаардык казыятына жана шаар аймагындагы мечиттерге топтолгон акчалай жардамдар жана кийим-кечелер бар», - деп билдирди ал.

Т.Жуманов кошумчалагандай, эки памирде жашаган кыргыз боордоштор Ханафий мазхабын бекем карманышат. Жергиликтүү калктын өздөрүнүн имамдары Ислам дини, Ханафий мазхабы боюнча баяндамаларды жасап, 5 убак намаздарын окушат.

P.S. Акыркы сүрөттө буту оорукчан кызды Кыргызстандан делегация менен барган дарыгерлерге көрсөткөнү алып баратышат.

Сүрөттөр Толкунбек Жумановдуку.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17920
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу