Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

Эродүйнө: Эмне үчүн эркектер жыныстык катнаштан кийин дароо уктап калышат?

Turmush -  Дээрлик ар бир аял качандыр бир кезде, эмне үчүн анын өнөгү жыныстык катнаштан кийин дароо катуу уйкуга кетерин, ал эми өзү уйкусуздук менен көпкө күрөшөрү жөнүндө ойлонсо керек. Кантип эле алар (эркектер) эч кандай сезимдерсиз жана өзүнүн өнөктөшүнө кичине көңүл буруп койгулары келбейт? Кое туруңуз... чынында бул жерде көп нерсе эркектин сезиминен көз каранды эмес, анткени гормондордун өзгөчө топтому уктатуучу эффектке таасир берет.

Эркектердин организми аялдардыкынан, пролактин аталышындагы гормон бөлүнүп чыгышы менен айырмаланат. Дал ошол гормон пост-сексуалдык таасирге ээ. Аялдын организми пролактин бөлүп чыгара албайт, ошондуктан анда өтө тездик менен «өчүп калуу» жок.

Эркекти жыныстык катнаштан соң катуу уктатып салуучу башка гормондор да бар. Мисалы, окситоцин – өзүн өзү жакшы сездирүүчү гормон – бул да жыныстык катнаш учурунда иштелип чыгат. Ал стрессти жоюп, бошоңдоого жана терең, таттуу уйкуга чөмүлүүгө жардам берет.

Кийинки «жардамчы» – мелатонин. Эгерде силер жарыкты өчүрүп коюп сүйүү менен алектенгенди жактырсаңар жана ага көнүп алган болсоңор, анда мелатонин иштелип чыга баштайт. Башкача айтканда, бөлмө караңгы болору менен организм укташ керектиги жөнүндө маалыматты алат.

Ушул үч гормон тең бир убакта иштелип чыга баштаса, эркек болуп көрбөгөндөй тездик менен уйкуга кетет. Бирок, сиз муну каалабасаңыз эмне кылуу керек?

Бул маселени чечүү үчүн эксперттер жыныстык катнаш учурунда горизонталдык позалардан баш тартууну, ошондой эле уктоо керектиги тууралуу кошумча сигналдардан качуу үчүн жарыкты күйгөн бойдон калтырууну сунушташат. Жана акыркы кеңеш: «иш бүткөн соң» дароо төшөктөн туруу керек. MagMen’s билдиргендей, керебет жыныстык катнаш менен эмес, уйку менен көбүрөөк байланышы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 42191
Көп окулду
×