Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусу 24.01.2014 10:09

167 мал уурулук фактылары катталды, кылмышкерлердин көбү 18-20 жаштагы жаш жигиттер, - Жалал-Абад ОИИБ

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында 2013-жылдын 12 ай ичинде 167 мал уурдоо фактысы каттталып, 158нин бети ачылды, деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка таянсак, жыл ичинде 449 баш мал уурдалып, алардан 213 баш мал ээлерине кайтарылып берилди.

Ушул жылдын бышынан бери Жалал-Абад ОИИБда 23 мал уурулук фактысы катталып, баарына тең кылмыш иштери козголду жана 19 мал уурулук фактысынын бети ачылды.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылынын тургундары Р.Абдыкадыров менен Т.Борукчиевдин мал сарайларынан 4 баш малдарын белгисиз адамдар уурдап кетишишкен. Тогуз-Торо РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана аймактык тескөөчү милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургундары, эч жерде иштебеген, 1996-жылы туулган Н.Мырзакулов, 1992-жылы туулган Н.Мелисов, 1990-жылы туулагн Кадырбек уулу Р, «Нур-Жайык» шаарчасынын тургуну, эч жерде иштебеген, 1994-жылы туулган Баянас уулу И, Чет-Булак айылынын тургуну, эч жерде иштебеген, 1992-жылы туулган Кеңешбек уулу Б. Тогуз-Торо РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×