Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.09.2016 09:29

Айыл турмушу: Үч тилде анекдот айтып, кыргызча ырдаган аксылык «Галстукчан Витька» (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылына караштуу жайлоодо жашаган орус улутунун жалгыз өкүлү Виктор Михаиловду айылдаштары «Галстукчан Витька» деп аташат.

галстук

Жумуш жасап, талаага чыкса да галстугун мойнунан түшүрбөгөн 56 жаштагы Витька учурда радиодон кыргызча ырларды угуп үйрөнүүдө.

«Кыргызча ырдаганды үйрөнө баштадым. Кечке радиодон кыргызча ырларды уккандыктан аларды жаттап да калдым. Кыргыз тилиндеги ырлар абдан жагат », - дейт ал.

Айылдан 12 чакырым алыстагы жайлоодо Виктор Михаилов 17 жылдан бери жашайт. Ал бал аары багуунун сырларын дагы мыкты өздөштүргөн.

галутукчан витка

Кыргызча ырларды үйрөнүп жаткан «Галстукчан Витька» ар түрдүү күлкүлүү окуяларды да (анекдот) радиодон угуп, жаттап алат. Үйрөнгөнүн кайра тажик, орус жана кыргыз тилдеринде айтып берет.  Ал эми кыргыз тилиндеги «Тумарым» жана «Жамгыр төктү» ырларын жакшы ырдайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×