Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 05.09.2016 15:57

Өзгөндүн Кайрат айылында талааны өрт каптоодо

Turmush -  Өзгөн районунун Кайрат айылында ачык аталаа күйүүдө. Өзгөн райондук өрткө каршы кызматынын өрт өчүрүүчүлөрү бүгүн, 5-сентябрда саат 13:30да өрт болуп жаткан аймакка чыгып кетишкен. Бул тууралуу райондук өрткө каршы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Зергер айыл өкмөтүнө караган Кайрат айылы район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Учурда жергиликтүү тургундар менен өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүү аракетин көрүшүүдө. Канча аянт күйгөндүгү тууралуу азырынча маалымат жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×