Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Онлайн: Кыргызстандыктар Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат

Turmush -  Бүгүн, 31-августта жалпыбыз кыргыз элинин, кыргыз өлкөсүнүн тарыхында жаңы ачылган баракка күбө болуп жатабыз. Кыргыз Республикасы көз карандысыздык алганына туура 26 жыл толду.

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Жогорку Совети 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын» негизинде жана Кыргызстандын мыйзамы менен негизделген Конституцияны жетекчиликке алып, Кыргызстанды көз карандысыз, эгемендүү демократиялык өлкө деп жарыялаган.

Токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагы бүтүн жана ажырагыс деп таанылат, анда бир гана Кыргызстандын Конституциясы иштейт.

1458549209_1018528059

Кыргызстан эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптерин жактоочулугун белгилейт, элдер аралык достуктун жана кызматташтыктын принциптерине таянат, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз аткарып, аймактар аралык, элдер аралык мамиледе конфронтацияга жол бербейт, жана тең негиздерде көз карандысыз мамлекеттердин жаңы союздук келишимдерин түзөт.

1991-жылдын 31-августунан эркин Кыргызстандын жаңы жыл санагынын эсеби башталды жана бул окуя башкы элдик майрамга — Эгемендүүлүк күнүнө айланды. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан чыныгы демократиялык баалуулуктарды куруп, өнүккөн жана нравалык стандарттарда жашоону үйрөндү, башка мамлекеттер менен кызматташтыкка карай бет алды, дүйнөлүк коомчулукка активдүү түрдө интеграцияланды.

Бул жолдо ийгиликтер жана жетишкендиктер менен чогуу кыйынчылыктар жана кемчиликтер да болду, бирок өлкө ал тоскоолдуктарды жеңип, демократиялык кайра курууга багытын улантып келет. Бүгүн Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн ордун тапты, эл максатка багытталган мүнөз берүү менен жаңы Кыргызстандын пайдубалынын негизин түптөй алды.

Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштоо менен бара жатат.

Эгемендүүлүктүн урматына бүгүн АКИпресс агенттигинин командасы өзгөчө форматта кызмат көрсөтөт. Кабарчылар Бишкек шаарындагы жана өлкөдөгү бардык район-шаарлардагы майрамдык салтанаттын жүрүшүн жеринде түз баяндап берүүнү улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3692
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу