Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баракелде

Фото - Москвадагы өрттөн каза болгон Жаңылмырзаны 9 бир тууганы жана 71 жаштагы ата-энеси күтүп жаткан

Turmush -  Москвадагы ири өрттөн кайтыш болгон 21 жаштагы Жаңылмырза 10 бир туугандын тогузунчусу эле. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Коргонбай кызы Жаңылмырзанын бир тууган агасы Кылычбек Топчубаев билдирди.

Жаңылмырза

IMG-20160828-WA0003

«Карындашым Коргонбай кызы Жаңылмырза 1995-жылы 11-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылында төрөлгөн. Оштогу жогорку окуу жайдан дизайнер кесибин алган. Үйдө он бир туугандын тогузунчусу болчу. Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебин бүтүргөн.

3 эжем, менден кийин 5 карындашым жана бир иним бар. Атам 71 жашта, апам 64 жашта. Учурда сай-сөөгүбүз сыздап, айтаарга сөз таппай турабыз. Карындашым жылдыздуу, ар дайым ачык көңүл, жайдары жүргөн, ичинде кири жок кыз эле...», - дейт мукактанган Кылычбек.

Жаңылмырза Россияга ушул жылдын 6-июнунда кеткен. Байкесинин айтымында, октябрда кайтып келүү үчүн билет алган. Бирок, январь айына чейин калууну суранып жаткан.

Ата-энеси

IMG-20160828-WA0011

Ата-энеси жана байкеси

IMG-20160828-WA0005

Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан имараттан кечээ, 27-августта москва убактысы боюнча саат 07:50дө чыккан өрттүн кесепетинен алгач 16 адам каза болгону маалымдалган. Кийинчерээк ооруканага жеткирилген 4 жабырлануучунун бири каза болгону маалым болду. Айрым маалыматтар боюнча, өрт чыккан имараттан 12 адам куткарылды. Каза болгондордун көпчүлүгү жаштар. Алардын арасында кош бойлуу келин бар экени айтылууда. Ооруканадагы 3 адамдын абалы оор.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 4 кабаттуу имараттан чыккан өрт учурунда каза болгон 14 жаран кыргызстандык экендигин тактады.

Адам өмүрү менен коштолгон ири өрт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаарындагы башкы башкармалыгынын жетекчиси Илья Денисов россиялык журналисттерге өрткө шамчырактын (светильник) бузулушу себеп болгонун билдирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26133
Көп окулду
×