Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 15.08.2016 10:20

Чаткалдагы В.Ленин атындагы мектепте директор менен мугалимдердин чыры уланууда

Turmush -  Чаткал районунун Шакафтар айылындагы В.Ленин атындагы мектеп-гимназиясында жаңы келген директор менен мугалимдердин ортосундагы тирешүү уланууда.

Мугалимдердин маалыматына караганда, жаңы окуу жылы баштала электигине карабай мугалимдер директордун ишине нааразы болууда. Мектеп директорлугуна келген Алтынбек Нурумбетов мурда жетекчилик кызматтарда иштеген эмес деген мугалимдер анын кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Мектеп жамааты жаңы жетекчинин иши боюнча Билим берүү жана илим министрлигине арыз менен кайрылган. Бирок, ал арыз азырынча текшерүүгө алына элек.

Мурдараак маалымдалгандай, жаңы директордун кызматка келишине 60 окутуучунун 35и каршы чыккан. Бирок, директор министрдин буйругу менен кызматка дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×