Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 15.08.2016 09:14

Таласта «Жаштар коопсуз миграция үчүн» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Талас шаарында «Жаштар коопсуз миграция үчүн» акциясы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Акцияны Талас жаштар кеңеши, Талас облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Ысык-Көлдүн жаш активисттери уюштурган. Акциянын жүрүшүндө флешмоб уюштурулуп, шаар тургундарына, конокторго буклеттер, чет мамлекетте жумушка орношууда мекеме-уюмдардын мыйзамдуулугу, өздүгүн тактоочу документтерди жоготуп алганда кайсыл жактарга кайрылуу керектиги тууралуу маалыматтар берилди.

Атайын суроолорго туура жооп берген шаар тургундарына белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×