Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 13.08.2016 12:13

Нарында бука тартыш, ооган тебиш оюндары кайра жанданууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунда кыргыздын бука тартыш, ооган тебиш оюндары кайрадан жанданууда, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бука тартыш, ит тартыш - балбандардын күчүн сыноочу элдик оюн. Ортого чыккан эки балбан туюкталган аркандын эки жагын моюндарына илип, төрт аяктап, эки кат арканды эки бутунун ортосунан өткөрүп, экөө эки жакты баштанып, аркандын дал ортосун экөөнүн ортосундагы чийинге келтирип турушат.

Калыс адам бир, эки, үч деп үн чыгарганда экөө эки жакты көздөй бирин бири сүйрөп кетүүгө аракет кылышат. Кимиси күчкө салып сүйрөп отуруп чийинден өткөрүп кетсе, ал жеңишке жетишет. Бул оюн азыр деле ойнолуп, кайрадан эл арасында жанданууда.

Ошондой эле, ооган тебиш оюну 2 балдандын жерде чалкалап жаткан багытында буттары менен тирешип, күч сынашат. Ким жеңишке жетке, ал байге менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×