При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Кыял кайненеси түптөп кеткен этно эс алуу конок үйүн өркүндөтүүдө (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы 35 жаштагы Кыял Эшенбаева. Ал Токтогул районундагы Толук айылында 1981-жылы туулган.

К.Эшенбаева Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына мындан 9-10 жыл мурун турмушка чыгып, жолдошу менен түтүн булатып, үч кыз, бир уулдун энеси болду.

Учурда ал кайненесинен калган этно стилдеги эс алуу үйүн иштетүү менен аны дагы өркүндөтүп, жасалгалап жаткандыгын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Бул идеянын алгач рамаатылык кайненем Ачылова Рахат баштап берип кетти эле. Ал киши: «кыргыздар дүйнөдө аз, үрп адатын, каада-салттарын, кооз жашоосун жана чеберчилигин дүйнөгө таанытыш керек» - деп көп айтчу. Каражат жана имараттын курулуш маселелери жолдошум жана кайненем тараптан тейленчү. Жыл сайын этно стилде салынган мейманкананы өнүктүрүп-өстүрүп, улам бир бөлмө кошуп келе жатабыз. Өткөн жылы дагы 10дой бөлмө кошулду. Бөлмөлөр бир күнгө 300 сомдон башталып, кымбаты 600 сомго чейин болот» - дейт К.Эшенбаева.

Кыялдын өз ата-энеси Токтогул районундагы Толук айылында жашашат, учурда алар ардактуу эс алууда.

«Ал эми кайната, кайненем былтыр күтүүсүздөн өтүп кетишти. Салмактуу, ыймандуу, алтындай болгон кишилер эле!» - дейт Кыял кайната, кайненеси тууралуу.

Ошондой эле, ал мурас катары калган этно эс алуу үйүн өркүндөтүү боюнча көптөгөн пландар бар экендигин айтат.

«Келечекке болгон максатыбыз көп. Рахат энебиз бизге куруп берген эс алуу үйүн кыргыздын этно стилинде улантып, өркүндөтүп, чет элден келген эс алуучуларды кабыл алсак деген планыбыз бар. Өзүңөр көрүп тургандай таштан курулган 2 кабаттуу боз үй жана үйдүн жасалгасына жалаң табигий жыгач, көл, суу таштары колдонулган. Мейманканабыз Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында жайгашкан», - дейт ишкер айым.

«Жеңеке»: Казакстанда өскөн орус кызы Ольга 8 жылдан бери Нарындын үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Шаарда өскөн казак кызы Гүлзамира тоскоолдуктарга карабай кыргызстандык мигрант жигит менен качып кеткен (фото, видео)

«Жеңеке»: Биринчи перзентин 10 жыл күткөн Гүлмира кошуналары үчүн «Шайыр жеңе» (фото, видео)

«Жеңеке»: Жети-өгүздүк А.Мукашеваны жолдошуна кайын атасы ала качып берген (фото)

«Жеңеке»: Орус чөйрөдө тарбияланып, тоолуу Өзгөнгө келин болгон казак кызы Айнура баатыр эне болду (фото)

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото) 

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото)

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото) 

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)  

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Жолдошу менен жайлоодо бизнес кылган алдыңкы мугалим, эгиздин түгөйү Кундуз эгиздин түгөйүнө турмушка чыккан (фото)

«Жеңеке»: Аксыга келин болгон өзбек кызы Матлюба ат минип, талаа иштерине жардам берүү менен улуттук тамак-аштын түрүн жасайт (фото) 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10086
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×