Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: 7 жыл сүйлөшкөн жигитине турмушка чыккан Наргиза «Таттуулардын ханышасы» аталды (видео)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы— 23 жаштагы Наргиза Өктөмбаева. Ал Ноокат районунун Кара-Таш айылында өсүп, 22 жашында Кулатов айылына келин болуп барган.

Математика жана информациялык техника боюнча билим алган Наргиза жолдошу Эдилбек Келдибек уулу менен 7 жыл кыз-жигит болуп жүргөнүн айтат. Жаш жубайлардын үй-бүлө түптөгөнүнө бир жылдын жүзү болду.

«Менин эжем (атасынын бир тууганынын кызы) Эдилбектин байкесине турмушка чыккан. Эдилбек менен алардын тоюнда таанышканбыз. Ал убакта биз окуучу болчубуз. Танышкандан тартып жолдошум сезимдерин билдирип жүрдү.

Мен 10-11-класстарда спорттун кикбокс түрү менен машыгып, бир топ ийгиликтерди жараттым. Ардак грамоталарды, дипломдорду, алкыш баракчаларын, медалдарды алдым. Бирок, менин бул сыйлыктарыма Эдил ишенчү эмес. “Өзүң арык, кичинекей, назик кыз болсоң кантип ийгилик жаратып жатасың?” деп калчу», - дейт Наргиза.

Спортчу кыз жолдошунун жүрөгүн жөнөкөйлүгү жана назиктиги менен багындырган.

«Жолдошум мага жогорку окуу жайга өтүүгө жардам берди. Өзү ээрчитип барып батирге жайгаштырды. Мен аны жөн гана байке дечүмүн. Сурагандарга дагы байкем болот деп айтчумун. Ал дагы карындашым болот деп калчу.

Университетте окуп жүргөндө чет өлкөгө эмгектенгени кеттим. Ошко кайтып келгенде Эдил аэропорттон 101 даана роза менен тосуп алып, сүйүүсүн арнады. Баш кошконубуздан кийин кайын журтума татыктуу келин болууга аракет жасай баштадым.

Бир күнү кайын энем "пийаба тамак жаса" деди. Бирок, мен мындай сөздү укпагандыктан сыртка достору менен отурган жолдошумдан сурасам алар күлө башташты. Көрсө, шорпонун куурулган түрүн пийаба деп айтышат экен», - дейт Наргиза.

Наргизаны кайын журту назик көрүнгөнү үчүн көп жумуш жасатпайт. Учурда Ош шаарындагы кондитердик цехте таттуулардын түрүн жасоо менен алек. Жумушунан үйрөнгөн таттуулардын түрлөрүн үйүндө дагы жасап турат. Андан улам кайын журту Наргизаны «Таттуулардын ханышасы» деп аташат.

«Жеңеке»: Казакстанда өскөн орус кызы Ольга 8 жылдан бери Нарындын үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Шаарда өскөн казак кызы Гүлзамира тоскоолдуктарга карабай кыргызстандык мигрант жигит менен качып кеткен (фото, видео)

«Жеңеке»: Биринчи перзентин 10 жыл күткөн Гүлмира кошуналары үчүн «Шайыр жеңе» (фото, видео)

«Жеңеке»: Жети-өгүздүк А.Мукашеваны жолдошуна кайын атасы ала качып берген (фото)

«Жеңеке»: Орус чөйрөдө тарбияланып, тоолуу Өзгөнгө келин болгон казак кызы Айнура баатыр эне болду (фото)

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото)

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото) 

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)  

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Жолдошу менен жайлоодо бизнес кылган алдыңкы мугалим, эгиздин түгөйү Кундуз эгиздин түгөйүнө турмушка чыккан (фото)

«Жеңеке»: Аксыга келин болгон өзбек кызы Матлюба ат минип, талаа иштерине жардам берүү менен улуттук тамак-аштын түрүн жасайт (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4620
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×