При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Үркүнгө 100 жыл: Кеминдик кыргыздардын көтөрүлүшүн эскерүү (фото)

Turmush -  Быйыл Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы. Үркүнгө катышкан кыргыздардын урпактары аталарынын эскерүүлөрүн кагаз бетине түшүрүп калышкан. Үркүнгө катышкан Кеминдеги сарыбагыш уруусунан чыккан Төлө ажынын баласы Ыбрайым аксакал өзүнүн эскерүүлөрүн араб жазуусу менен кагаз бетине калтырып кеткен. Кол жазмаларды Ыбрайымдын уулу Нажимидин сактап калган.

20160808_120516

 (Ыбрайым уулу Нажимидин)

Нажимидин аксакалдын кызы Бопуйкан Нажимидинова Ыбрайым аксакалдын ошол эскерүүлөрүн орус тамгасы менен жаздырып, Turmush басылмасы аркылуу элге жарыялап берүүнү өтүндү. Ыбрайым менен баласы Нажимидиндин ысымдары орус архивинде да сакталган.

Ыбрайым аксакалдын Үркүндү эскерүүсү

Биз туулуп, өнүп-өсүп келе жаткан жыргалдуу, жакшы жерлерибизди падыша Николай казак-орустарга алып берген. Алар калаа салып жайланып алып, «кыргыздардын малы жериме, аштыгыма түштү» деп, түшсө-түшпөсө дагы камап алып, мал башына 1 сомдон акча алып турушкан. Малын талашкан кыргыздарды уруп-согуп, кай бирин өлтүрүп да койгон. 1913-1915-жылдары падыша Николай нааразычылык менен кыргыздан жаш ат, жакшы атан төө, семиз өгүз, жада калса тон, байпак жана башка керектүү нерселерин ала берген.

20160808_120545

(Төлө ажы уулу Ыбрайым аксакал)

1914-жылы Николай падышабыз «18 жаштан тартып, 40 жашка жеткендер солдатка алынсын» деп буйрук кылды. Кыргызга чоң коркунуч түшүп калды. Николай падыша мурун кыргыздан аскер алган эмес. Эми бизди ойрон кылып, уруш тартибин мурунтан билбеген башыбызды кырмак болгон экен деп, мурунтан нааразы болуп турган кыргыз «мындан көрө эрте өлгөнүбүз жакшы» деп чыкты.

Падышабыз Николайдын зулумдугуна чыдабастан, Пржевальск уездине караштуу атактуу бугу, саяк сыяктуу бир нече болуш жана Пишпек уездине караган Чоң-Кемин жана Кичи-Кеминде турган эки болуш эл, Кочкор деген жерде турган Надырбек, Борукчу болуштуктары кыргыздардын жеринде жайланып алып, зордук-зомбулук көрсөткөн казак-орустардын малдарын талап, мурун казак-орустун кыргызга кылган зулумдугунан айрым казак-орустарды өлтүргөн. Сарыбагыш элдери Самсоновдун (Самсонов Александр Васильевич — орус генералы), Чоң-Кеминдеги кыштакта турган орустун дагы малын талап, кай бирин өлтүрүп, чоң козголоң кылып жиберишти.

Сарыбагыштан Шабдан баласы Мөкүш, Атакенин айылынан Султан Далбай баласы, Боромбай Сазан баласы, Калбай Калкан баласы, Белек Солтоной баласы баш болуп, 300 киши менен самсоновдук казак-орусту камап, Алма-Ата жолуна жана Кашкар жолуна кароол коюп турган. Ошол убакта Шабдан баатырдын мечитинде Жантай балдары, сарыбагыш элдеринен Калмаакы Байтуума ажы, Чертике Абдыракман жана Кемел Шабдан баласы, Аман Шабдан балдары менен акылдашышкан. Атам Төлө ажы «Мен силерге аксакал катары тынч тургула деп айткам, тилимди албай чоң козголоң салып алдыңар, эми орустан бат эле көргүлүктү көрөсүңөр» деди. Отурган кишилер «Төлө ажынын карылык кылып айткан сөзү ырас», дешти.

Андан кийин Шабдан баласы Кемел: «Болоор иш болду, чоң ажыдаардын куйругун басып алдык. Николай падыша бизди бул жерге эч кандай жашатпайт. Ушул кезде көл башы, Текес жана Ысык-Көлдүн тескей тарабынан жолдору, ашуулары ачыгыраак жана Ысык-Көл айланасында турган Пржевальск уездине караган бир нече болуш эл, бугу, саяктар дагы бунт чыгарды деген сөз угулуп турат. Анын аныгын билип, көчүшүбүз керек», - деди.

Отургандар: «Кемел Шабдан баатырдын баласынын айтканы ырас», - дешти.

Андан кийин мен Жантай жана Шабдан баатырдын балдарына, жалпы элге: «Андай болсо мен түнү менен Шыргыйдагы үйүмө барып, андан Чоң-Сары-Булактагы элге түшүп, Ысык-Көлдүн аягындагы сарыбагыш элине чектеш турган Арыктын тукумуна таң атаары менен барып, кабарлайын», - дедим. Кеминден көз байланган убакытта чыгып, Шыргыйдагы үйгө түн жарымда келдим. Айылдагылар чогулуп, биздин үйдө отурушкан экен. Мен аларга «Силер Көк-Мойнок бекеттеги жамчик (ямщик) болгон балдарды, сарайчы орустун чөбүн чапкан кишилерди, түн боюнча Шыргыйдагы элди, жаш балдарды алып, колуңардан келсе бекетчи, сарайчы орустардын аттарын дагы алгыла. Мен түн ичинде Сары-Булак менен түшүп, эртең Көлдүн аягындагы арык тукумунда болом», - дедим.

Таң жакындап калганда элден ишенимдүү 8 киши кошуп алып, Сары-Булактын үстүнө таң агарган убакытта келип калдык. Айтыке эли, Абыла, Таздар болуп эски Бекеттеги сарайчы орустардын малын талап алышып, жол боюнда тура албай, үркүп келип калышыптыр. Аларды кошуп алып, Арыктын тукумуна баралы дедим.

Кызыл-Сазга келсек Арыктын тукумунан Сагын, Саадабай баштаган 20-30 адам келип калышты. Ал жерден Сагын: «Кыдык менен Ысагалы орустардын малдарын талап, адамдарды дагы өлтүрүштү. Орустарга кыргыздар козголоң салып жатат деген сөз угулду», - деди.

Семиз-Белден казак-орустун Балыкчыдагы күзөтүнүн жылкысын арык тукуму алды деп сүйлөшүп турганыбызда төмөн жактан катуу чаап бирөө келди. Карасам биздин элдеги Элебайдын баласы Ыйманаалы экен.

Ал: «Түндө сиз кеткенде биз түн ичинде Көк-Мойноктогу балдарга барсак, алар кечинде кызыл желек байлаган жети араба, мылтыгы бар 10 аскер жана Жел-Арыктагы бекетчи орус кошо келгенин айтышты. Орустар камданып, таң атканда бирге жөнөгөнү жатканын айтышты. Ошону айтканы келдим», - деди.

Кошо турган кишилер: «Ыбырайым кандай кылабыз?», дешти. Мен, «эгерде мылтык Балыкчыга келсе эч кимибизди соо койбойт», дедим.

Сарыбагыш эли, Арыктын тукуму болуп эски бекеттеги сарайчылардын тамдарынын ичине бардык. Мен өзүм бир тамга отурам, силер дагы суунун боюндагы чоң жарга жашынып тургула. Биз атабыз, мылтык атылганда силер дагы «Атакелеп» катуу кыйкырып, туш-туш жактан аламан коюп жибергиле деп айтып, эски бекетке келдим. Айтканымдай мылтыкчандарды сарай тамга экиден киргизип, коркпой туруп жакшы аткыла, мен атмайынча бириң дагы атпагыла деп, өзүм жалгыз бир тамга отурдум. Атымды сарайдын ичине байлап коюп, жарым саат чамасында мылтыктары жаркылдап солдаттар келе жатканын көрдүм. Арабанын алды-артында солдаттар бар экен. Ортобузга кирип келди, мен биринчи атып жиберсем бир солдат жыгылып калды. Мылтык атыла берди. Бир солдатка ок тийип жүрө албай баратканда, арабага салып алышты. Бизден узап, атып бара жатат. Мен тамдан чыгып, кишилер кандай кетти экен деп карасам Боз-Бармак талаасында качып баратат. Сарай ичиндеги атымдын чылбыры үзүлүп калыптыр. Атым жок. Тамдын үстүнө чыга калып карасам, үйдөн кошо барган кишилер атымды таанып алып келип калышты. Атымды минип, жүргүлө деп жолдун алдыңкы кашаты менен чаап барып, чоң сайдагы жарга бааналап, арабанын алдыңкы атын атып жибердим. Ат жыгылып калды. Солдаттар дагы арабанын алдына жүгүрүп качып калды.

Төртүнчү атабыз Атаке баатырдын атын айтып, «Атаке, Атаке» деп кыйкырып, жакын барып ат үстүнөн бир-экисин атып жибердим. Качкан солдаттар, бекетчи орустар үч ат кошкон бир арабасын таштай качкан экен. Качкандар бөлөк арабага түшүп алып жөнөштү. Мен дагы бир аз жерге аткылап бардым. Солдаттар дагы арабанын ичинде атып баратышты. Таштай качкан арабасынан бир аз жерге кууп барып, кайта таштаган арабага келсем атына ок тийип жыгылган экен. Баягы качкан Арыктын тукуму менен сарыбагыштын эли: «Ыбырайым баатыр, соогат, соогат» деп келип калышты. Мен аларга «падыша Николай кыргыздарга каршы жиберген мылтыгын Кудай бизге берди. Падыша Николайдын бизге кылган зулумдугу өз башына көрүнүп, бир чоң балээге бат эле кириптер болгусу бардыр. Эми Арыктын тукуму бир бөлөк, сарыбагыш эли бир бөлөк болбой тургула. Мен өз колум менен тегиз бөлүп берем», дедим.

Алар: «Макул, Ыбырайым баатыр. Мылтык бериңиз, өлгөнчө сизге ыраазыбыз», - дешти. Арабада 1 балта бар экен. Бир сандыкты балта менен бузуп көрсөк бардаңке мылтык чыкты. Мылтык салган 9 чакты чоң жыгач сандыктын ар биринде жыйырмадан мылтык бар экен, баарын чогултуп алып өзүм санасам 180 мылтык болду. Кичирээк 12 жыгач жащик (үкөк) бар экен. Бирин ачып көрсөк, 4 банке бар экен. Бир банкени буздуруп көрсөм алтыдан көк кагазга оролгон 48 куту бар экен. Бир банкеде 288 патрон бар болуп чыкты. Баарын санаганга убакыт аз болуп саналбады.

20160808_141147

(Орус архивиндеги маалымат)

Арыктын тукумуна 80 мылтык, 5 жащик патрон бердим. Өзүм менен барган Жантайдын балдары, Абыла, Таздарга 50 мылтык, 3 жащик патрон берип, калган 50 мылтык, 4 жащик патронду ойдон өзүм ээрчитип барган кишилер болуп 2 төөгө артып, түн бою үйгө келдим. Бизге жакын жерлерге 20 мылтык, 3 жащик патрон берип, калган 50 мылтыкты, бир нече окту үйгө койдум. Калган 29 мылтыкты, бир нече патронду алып, Самсоновканы камап жаткан Атакенин сарыбагыш элине өзүм берем деп келип, Кемел Шабдан баатыр баласыныкына конуп калдык. Түн ичинде Самүдүн Шабдан баатырдын баласы келип калды. Самүдүн, кандайча түн бою келдиң десем, «Алма-Ата жактан кыр жол менен 100 чамалуу казак-орус Самсоновкага келди жана уезд жактан бир нече солдат менен келе жатканда Бейшекенин оозунан тосуп атышып, Бердибек ажынын баласы, Додуй ажынын баласы, Маңсарттын баласы үчөөнө ок тийип зыян болду. Ысмайыл Далбай баласынын аркасына ок тийип, жаралуу болуп калды. Дагы 2 солдатка ок тийип өлдү. Өлүгүн таштабастан өңөрүшүп, көз байланганда алар дагы Самсоновкага кирип кетти. Төлө ажынын баласы Ыбырайым 7 араба мылтыкты түшүрүп алып келди деп угуп, Атакенин сарыбагышы сүйүнүп, бата беришти. Мени намаздын убактысынан калбай, жардам алып кел деп жиберишти», - деп айтты.

Мен «алып келген мылтыктардан мергендерге берип, эртең күн чыга электе бириң калбай баатырдын мечитине келгиле дедим. Күңгөйлүк Айтыкенин балдары, Абыла, Таздарга 50 мылтык, 3 жащик патрон берип, эртең түштөн калбай Шабдан баатырдын мечитине келгиле деп айткам. Самүдүн, сен ошолорду күтүп туруп келгенде чогултуп алып, Жол-Булакты ашып, Мөкүш, Султан, Боромбай, Бөлөк баш болуп, Жантай, Атакенин сарыбагыш элине алып бар» дедим.

Таң атканда мергендерди алып, Кашка-Жолду ашып, Кичи-Кеминдеги Атакенин сарыбагыш элине бара жатсам, Кара-Кыя деген ашуунун жонунда мылтыктын үнү угулуп калды. Аттан түшүп, дүрбү салып карап турсам бир кишини эки атчан солдат кылычтап өлтүрүп жатыптыр. Эми кайра жүргүлө, Кашка-Жол менен өйдө чыгып, Көк-Жондун алдын тосуп атышалы дедим. Чаап жөнөдүк. Кашка-Жолдун өйдөсүндө аттарыбыз чарчап баспай калды. Нурдин жана Нажимидин деген балдар менден мурунураак жонго чыкты. Арт жагымды карасам мергендердин бири атын жөө жетелеп, бири аттарын минип, акырындап келе жатышат. Мен мергенчилерге артымдан батыраак келгиле деп кыйкырдым. Экөөнүн артынан мен дагы жонго чыктым. Карасам солдаттар 3 топ болуп Көк-Жон менен бизге карай катуу чаап, мылтык, кылычтары жаркылдап келе жатат. Үчөөбүз солдаттан мурун барып, дөбөнүн далдаасына аттарды байлап, Нажимидин дөбөгө мурунураак чуркап чыкты. Нурдин экөөбүз дагы чыгып калдык. Карасам солдаттар дөбөнүн алдына жакын кирип келди. Биринчи келе жаткан боз атчан казак-орусту балам Нажимидин атып жиберди. Ал атынан тик сайылып жерге түштү. Нажимидин атып өлтүргөн чоң боз атчан адам казак-орустардын башчысы экен.

20160808_141222

(Орус архивиндеги маалымат)

Алар кайра качты. Үчөөбүз тең атып калдык. Бир казак-орус атынан жыгылып жатып калды. Бир аз барганда бирөө дагы атынан жыгылып калды. Калганы бир чоң кабакка кирип, чыкпай калышты. Андан кийин арттагы мергендер дагы келип калышты. Казак-орус кабакка кирип жашынып, атып турушту. Биздин мергендер дөбөдөн жашынып, атып турушат. Жусуп Төлө ажынын баласынын чыканагына ок тийип, жаралуу болуп калды. Ушинтип атышып турганыбызда Мөкүш, Боромбай, Бөлөк, Султан келип калышты. Алар: «Биз сарыбагышты казак-орустар мылтыктаганда чогулуп жаткан жерибизден чыдай албай Чоң-Кеминге качып түштүк. Ыбырайым Кашка-Жондон казак-орусту камап жатат деп угуп келдик. Казак-орусту кандай кылдың?», - деп сурашты. Мен аларга ок тийип өлгөн казак-орустарды көрсөттүм.

Калган казак-орустар кабактан жашынып атып турушат. Бизди угуп бир далай кишилер келип калды. Мен аларга ушул тургандардын ичиндеги баардык найзачандар «Атакелеп» катуу кыйкырып, аламан коюп жибергиле дедим. Калмаакы, Тайгүрөң баш болуп 20 чамалуу найзачан кишилер «Атакелеп» катуу кыйкырып кирип барганда казак-орустар атып калды. 2 кишиге, 3 атка ок тийип жыгылып калды. Найзачандар качып кетти. Казак-орустар аттарын минип, «ураалап» кыйкырып кабактан чыгып келе жатканда мергендер жалпылап атып калдык. Казак-орустар атынан түшүп атышып калышты. Мергендер жүгүрүп сайдын кырынан тосуп, бир далайын атып жибердик эле калганы окко чыдай албай алдындагы бир чоң сайга жашынып, атышып турушту.

Ошентип турганыбызда Көк-Жондун кырынан кылактап казак-орустардын башы көрүнүп, анда-мында сурнайдын добушу угулуп калды. Биз менен атышып отурган казак-орустар аттарын минип, сай өрүп сурнайдын добушу чыккан жакка карай качканда, мергендер дагы 3 казакка ок атты. Калганы жонго чыгып кетти. Мергендер атка минип артынан кууп чыксак, 2 топ болуп Кашка-Жондун алдына түшүп Самсоновкага карай качып баратышат. Качкан казак-орустардын алды жол менен Самсоновкага жакындап калып, биз жетпей кайра келдик. Ошону менен ок тийип, 14 казак-орус өлдү. Алардын мылтык, кылыч, командиринин наган тапанчасын жана бир канча патрондорун алдык. Атышкан жерде кыргыздан 3 киши жаралуу болуп, 2 киши өлдү. Атакенин эли үркүп келе жатканда казак-орустар аларды Кара-Кыянын оозунан тосуп, эркек аялдарды бөлүп, 17 кишини кылычтап өлтүрүптүр. Көк-Жондо чогулуп, Атакенин сарыбагышынан бул жакка келген кишилери болуп турсак, кеч убакта бир киши келди.

Ал: «Самүдүн, Сарбоз ажы, күңгөйдөгү Азык балдары Абыла, Таздар, мен түшүргөн мылтыктан алышкан экен. Ошол мылтык менен Жол-Булак менен келе жаткан солдат менен атышып, 2 кишиге ок тийип өлдү. 1 солдат, 3 оруска ок тийип өлдү. Калган солдаттар Жол-Булактын оозундагы бир тамга кирип алып атышып жатат. Самүдүн Ыбырайымга барып айткын деп жиберди, ушуга келдим», - деди.

Андай болсо Кашка-Жол, Кара-Кыя жолдоруна 10 мылтыкчан 30 киши коёлу десем макул дешти. Мен 10 мерген кошом, 30 киши мергенге ким баш болуп калат десем, «Далбай баласы Султан» калсын дешти. Мен андай эмес, бул урушту жалгыз манап баштаган жок, Атакенин сарыбагышындагы 2 болуш элдин, бай, манап, кедейлердин - баарыбыздын кылган иш десем, «Ырас, жалгыз манап кылган эмес, баарыбыз кылган иш эмеспи. Ошондуктан Султан, Байымбет, Боромбай, Алыке болуп тоссун» дешти. Мен дагы 10 мылтыкчанга 5ти кошом, 15 мылтыкчан 100 киши болсун. Бүгүн түнү бою жолду карап тургула. Таң атканда Кашка-Жолдон тартып Жол-Булак, Кара-Кыя кырларынан мерчемдүү, Самсоновка көрүнө турган 3 жерден карааныңыздарды көрсөтүп коюп тура бергиле. Мен барып Жантайдын балдарынан 3-4 мерген кошуп, Кеминдин капчыгайы менен барып, тайгак көпүрөсүнүн бери жагынан кароолдоп турууга жиберем деп айтып, Самүдүнгө келдик. Солдаттар тамды тешип алып, мылтык атып турушкан экен.

Түн кирип калды. 2 мылтыкчанды 5 киши менен Жол-Булактын оозун тосуп тургула деп, Жантайдын балдарынан Нурдин, Искендерди баш кылып алып мылтыкчан 20 киши менен капчыгайга жиберип, таң атканда Көк-Жондогу Султан, Боромбайлардын үстүнө бардым. Кечке Көк-Жондон дүрбү салып карап турдук. Самсоновка жактан эч бир шоорат билинбеди. Кечинде кишилерге мен түнү бою үйгө барып, атымды таштап, башка ат минип эртеңден калбай келем. Силер Көк-Жондон эч кайда козголбой, жолго кароол коюп, түнкүсүн абдан мыктылап тосуңуздар деп Жол-Булактын оозунан чыгып, тамга кирип атышып жаткан солдаттарды кайтарып турган мергендерге келдим. Алар: «Намаз маалында 2 солдат жашынып суу алганы жатканын көрүп, Жакай атып жиберсе арыктын бери жагында жаткан солдатка ок тийип өлдү», - дешти. Мен түнү бою үйгө барып башка ат минип, эртең кайта келем. Солдаттарды түнкүсүн качырбастан, жакшы кайтарып тургула деп үйгө келдим. Таң атып, түшкө жакын убакытта Кеминде жаткан Атакенин сарыбагышы туш-туштагы ашуулар менен үркүп, көчүп калышты.

Көк-Жонду тосуп жаткан Боромбай, Султан, Байымбет мергендер көрбөстөн орустарды өткөрүп жиберишиптир. Намаз убагында Кемин баселкеден (поселек - кыштак) 100дөн көп казак-орус көпүрөдөн чыгып, мылтык атып калган убакта үркүп калдык. Жонго чыкканыбызда Төлө ажы: «Шабдан баатырдын мечитинен өрт чыгып калды», - деп айтты. Андан кийин Шабдан баатырдын балдарына караштуу адамдары, бала-чакалары менен шыргыйды ашып үркүп келип калышты. Биз дагы кошо үркүп, Шыргый элине түшүп, суунун боюна кондук. Таң атканда Көлдүн аягына өтүп, тескей тарабындагы Ала-Баш, Коңур-Өлөң деген жерге барып калдык. Биз баргандын эртесинде саяк Баатыркан, кыдык Ысагаалы баш болгон бир нече кишилер келишти.

Атаке сарыбагыштын баштык адамдары Жантай балдары болуп турганыбызда саяк Баатыркан: «Николайдан бир нече мылтыкты Балыкчыдан Жантай уулу Төлө ажынын баласы Ыбырайым түшүрүп алып, биздин Семиз-Бел элине, Арыктын тукумуна бир далай мылтык бериптир. Ошол мылтыктан бир далай кишиге ок тийип, Көк-Жон деген жерге казак-орус кубалап келе жатканда Ыбырайымдын баласы Нажимидин боз атчан командирин атып, Ыбырайым өзү баш болуп мергендери менен казак-орустун бир канчасын атып өлтүрүп, Атакенин сарыбагышын аман алып калды деп уктук.

Саяк, бугу болуп Караколго барып атышып, бир канча кишилерге ок тийип өлүп, кыргыздар туруштук бере албадык. Атакенин сарыбагышы, Шабдан баатырдын балдары, Жантайдын балдары, биз бугу, саяк болгон жерибиз сиздерге ишенип турсак, сиздер дагы үркүп келип калдыңыздар, эми кандай кылабыз», - деп сурады.

Шабдан баатырдын баласы Кемел: «Николай чоң падышалардын бири болчу, эми бул жерге бизди жашатпайт. Кытай чегине баруубуз керек», - деди.

Кыдык Ысагаалы: «Бугу менен саяк биринчи аша берели. Атакенин сарыбагышы жабдуусу жок, артыбызга түшүңүздөр», - деди. Ошол жерде турган Атакенин сарыбагышы, Жантайдын балдары: «Макулбуз, сиздердин артыңыздарда болобуз. Эми 6-7 күндөн калбастан сыртка чыгуубуз керек», - дедик.

2 күндөн кийин мен (Ыбырайым) 20 мылтыкчан киши менен кайра Боз-Бармакка чалгындап келдим. Күн баткан убакытта төмөн капчыгай жактан Кара-Жол менен Балыкчыга көп араба келди. Арты келгиче түн кирип калды, мен ошол жерде таң атканча мергендер болуп кароолдоп, таң атканда кандай болоор экен деп, жашынып карап отурдум. Таң атаары менен дүрбү салып карасам арабанын алды Сары-Камышка барып, арты Балыкчыдан чыгып жатышат. Аскер экенин анык билип, кайра Караколго келдик. Бир нече араба менен аскерлер келди деп айтып келдим.

Эки күндөн кийин саяк, сарыбагыштан 200 киши бир нече мылтыкчандарды алып келип калды. 10 мерген, 5 кишини Боз-Бармакка чалгынга жибердим. Жарым түндө чалгындар келип калышты. Түндө Арыктын тукумдарынын тамдарына орустар келгендей болду, деп таң атаары менен келсек, ырас экен. 100дөн көбүрөөк казак-орус бизди аткылады. Биз бир чоң сайга кирип, жашынып атышып турдук. Казак-орустарга биздин мылтык жетпей, казак-орустардын огу биздин үстүбүздөн кетип турду. Жашынып турган сайдын көрүнөө жерине замбирек алып, пулемёт алып келе жатканын көрүп, жашырынып качып калдык. Артымдан 30 чамалуу казак-орус тоого жакын келип калганда жашынып туруп атып жибердим. Атынын жалын кучактап жыгылбай турганда, солдаттар аны кайра жетелеп, 2 солдат эки жагынан аны жөлөп алып барса, кай бири артка тартып калышты. Дагы 1-2 жолу атып жиберсем бир атынын арткы буту сырактап баса албай калды. Солдаттар далдоого кирип кетишти. Атымды минип мен дагы качкан элдин артынан келе жатсам Ыбырайым көрүнбөйт деп Нажимидин баштаган 3 мерген, 4-5 киши келип калды.

Алар: «Сиз элдин арасында көрүнбөгөнүңүздөн алда кандай болду деп келе жатканбыз», - дешип элдин артынан жүрүп үйгө келдик. Кеч курун келсек Анжияндан Көк-Артты ашып, Нарынга 1500 казак-орус келди деп угулду.

Атакенин сарыбагышы Тоң, Тосор деген ашууну карай үркүп барып, ошо жерде Жантайдын балдарынын Тосордогу көчүнө кеч убакытта жеттик. Көчтүн алды оордой берди. Көч артынан карап турсак, бизди көздөй Сары-Бел деген бел менен 40-50 казак-орус келе жатат. Мен мергендерди кароол ташка көрүнбөй отургула деп турганымда казак-орустар бир терең сайдын ичине кирип кетип, көпкө чыкпай калышты. Карап турсам 10 солдат мылтыктарын колдоруна алып, жөө келе жатат. Бизди көрбөй, мергендерге жакын келгенде баарыбыз жабыла атып калдык, кайра качты. Бара жатып бир солдат жыгылып калды. Солдаттар аттарга жетип минип, карагайдын ичине кирип кетти. Жыгылган солдаттын беш атаар мылтыгын, 25 патрону менен алып калдык. Көчүбүз менен түн ичинде Тосордун үстүнө конуп калдык. Таң атканча бир нече кишиге 5 мергенди кошуп уктабай отурдум. Өзүм баш болуп, 10 мылтыкчан солдат келген Сары-Белди таң аткыча тосуп турдук

Таң атканда көчүбүз жөнөп, бир дагы көч калган жок. Мөкүш Шабдан баатыр баласына 15 мерген кошуп, көч алдында жүрүңүз дедим. Өзүм 20 мерген менен дагы эки ашуу ашып барып кондук. Эртеси Турпанга түшүп кеттик.

Кыргыз малын кыргыз сата берди. Шабдан баатыр баласы Самүдүндөрдү Кытайдын Доотай деген чоңунун алдына чакырып алып: «Ушул келгендер кыргыздын чоң кишисинин балдары экенсиздер, биздин ичибизге келгениңиздерден кийин мыйзам боюнча баардык жабдыктарыңыздарды тапшырыңыздар», - деген сөз айтты. Макул эртеңден баштап тапшыралы деп баардык куралдарды чогултсак, 70 мылтык, 3-4 кылыч бар экен. Баарын алып барып тапшырдык.

Доотай: «Жабдыктарыңыздарды тапшырганыңыздарга ырахмат, мен дагы сиздерге колумдан келген жардамым болсо кылам жана тапшырган мылтыктарыңыздардан 2 мылтыкты өзүңүздөргө алып, жаныңыздарды багып туруңуздар. Азырынча менин колумдан келген жардамым ушул», - деп, 50 чарык күрүч, ун берди. Ал: «Ушул убакытта орус падышасы менен кытай падышасы жакшы. Дарыя боюндагы бизге караштуу калың токой арасында махалла жайлар көп болот. Ошол жерлерде абдан арзанчылык, ошол жакка барып мамыңарды (атыңарды) жашырып жашасаңар болот. Дагы колумдан келген жардамым болсо кылам», - деп кошумчалады.

Жантайдын балдары, Шабдан баатырдын балдары жана өзүбүзгө караштуу бир нече адам болуп ошол айткан жакка барсак абдан арзанчылык экен. Байларынын алдыңкыларында 10 миңден кой, 200 сыйырдан бар. Колунда жок деген сартта 300-400 кой болот экен. 1917-жылы ошол жерде кыштап калдык.

Май айларында биз турган жердик сарттар: «Сиздердин падышаңар түшүп, бөлөк падыша болуптур деген сөз бар», - деп айтышты.

Ал эми, июль айларында качкан кыргыздарды Кытай өкмөтү жериңиздерге барыңыздар деп көчүрө баштады.

Бизге август айында Шаңыйа амбалынан келген киши: «Сиздерди Амбал алып кел деп жиберди, жүрүңүздөр», - деди. Биз турган жер Шаңыйа амбалына караштуу эле. Ага Самүдүн, Мөкүш, Кемел, Аман, Шабдан баатырдын балдары болуп бешөөбүз бардык. Амбал: «Биздин жогорку чоң улуктарыбыз кол алдында турган качкын кыргыздарды айдап, амбалга жеткиресиң деген буйрук уктурду. Сиздер дагы жериңиздерге кайтыңыздар», - деп, жардам катары 20 чарык күрүч, ун берди.

Биз Ак-Суу деген чоң шаарга көчүп келдик. Самүдүн, Кемел, Шабдан баатырдын балдары болуп мылтык тапшырган Доотайга кирдик. Ал: «Орус падышасы ордунан түштү. Биз дагы бизге келген кыргыздарды жерине жиберебиз. Коркпостон барышыңар керек. Сиздер бир жыл барбай, жан багып тургула. Тынч болгон убакытта барганыңар жакшы», - деди.

Биз 1918-жылы Турпанда туруп, 1919-жылдын 20-августунда Кашкар тарабына ашып түштүк. 1920-1921-жылдары Кашкарда туруп, 1922-жылы туулган жерибизге келдик. Бизден мурда келген Атакенин сарыбагышына Совет өкмөтү бир нече жардам берип, эли жакшы болуп калыптыр.

(Автордун стилистикасы сакталды)


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
SSSS123456
12:42, 09 августа 2016
Ооба, баатырлар. Ото оор учур.................. Тарых...
Нет аватара
tusha
11:51, 09 августа 2016
баатырлар!
аватар
Karaoke
10:49, 09 августа 2016
Баатырларга туболук данк!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×