Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Талас

«Жеңеке»: Тажик кызы кыргыз жигитине турмушка чыгып, Манас менен Каныкей аталышкан (фото)

Turmush -  Өзбекстандык тажик кызы Айгүл Саломова кыргыз жигити Марсбекке турмушка чыгып, туугандарынын арасында Манас ата менен Каныкей апа аталышты. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы таанышты.

Анын айтымында, 1986-жылы 1-октябрда Өзбекстандын Фергана шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагына көчүп келишкен.

«Марсбек экөөбүз Баткен облусунун Кайтпас деген жериндеги чек ара тозотунда таанышканбыз. Ал учурда мектепте мугалим болуп иштечүмүн. Башында ата-энелерибиз каршы болуп жүрдү. Бирок, экөөбүз эки жакты жеңип, акыры баш коштук. Азыр туугандар арасында бизди Манас ата менен Каныкей апа деп калышат.

Улуу баламдын аты Семетей. Андан кийин кызыбыз Мадина, андан кийин уулубуз Абай төрөлдү. Тоюбузду түштүктө өткөрдүк. Себеби жолдошум ошол жакта иштечү. 2008-жылы Таласта «Чоң-Капка» посту ачылганда бул жакка көчүп келип, Кызыл-Жылдыз айылында жашап калдык. Кыргызга турмушка чыкканыма өкүнбөйм. Баардык кыйынчылыктарды жеңдик, тил үйрөндүм. Бирок, Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатам. Жарандыкты алып калсам мектепке башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп, балдарымды баксам дейм», - деди ал.

Анын жолдошу Марсбек оорудан улам каза болгон. Учурда бир туугандары жана кесиптештери үй-бүлөсүнө жардам берип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7933
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×