h Turmush: «Жеңеке»: 20 жаштагы Айдай жолдошу менен жайлоодо жылкы багып, кайын журтун кубантууда (фото)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

«Жеңеке»: 20 жаштагы Айдай жолдошу менен жайлоодо жылкы багып, кайын журтун кубантууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылына келин болгон 20 жаштагы Айдай жолдошу Фархат менен жайлоого чыгып, бээ сааганды үйрөнүп жатат. Аймактык кабарчы жаш жеңе менен маектешти.

Жолдошу Фархат Мелисов 25 жашта. Жай мезгилинде жайлоодо мал багып, уй, бээ саап, сүт сатуу менен киреше тапкан Фархат жакында өз түгөйүн таап, Каркыра жайлоосуна көчүп келген.

Фархаттын апасы Гүлмира Жаныбекованын айтымында, келини тиричиликке тың.

«Келиним Айдайдан мурда кудалар менен таанышкам. Аларга айтсам, "балдар өздөрү билишсин" дешип, экөөнү тааныштырдык. Баарыбыздын оюбуз бир чыгып, экөө баш кошуп калышты. Келинимдин төркүндөрү Күрмөнтүдө.

Айдай зээндүү экен, чарба жумуштарына бат эле аралашып кетти. Келиним кайниси Эрденат, күйөөсү Фархат болуп жайлоодо 10 бээ саап, кымыз жасап, 8 уйдун сүтүн сатып, 150 баш койду багып жатышат. Айдай бээлерди сааганды жаңыдан үйрөнүп жатат. Мен сыртынан баш-көз болуп, алардын бактысына кубанып жүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3240
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×