Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: Тоо койнунда бактылуу жашаган Ширин жеңе цивилизацияга келүүнү каалабайт (видео)

Turmush -  Кышы 6 айга созулган алыскы Ак-Шыйрак өрөөнүндөгү Үч-Кошкон айылында жашаган Ширин Жамакеева айылдын алдыңкы келиндеринин бири. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышып келди.

Ширин Кичи-Жаргылчак айылынын кызы, 6 бир туугандын улуусу. Кичине кезинде эле ат минип мал кайтарып, атасына жардам берип чоңойгон. Айылдан орто мектепти аяктаган соң Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. Андан кийин айылына келип, мугалим болуп иштеп жүрүп, айылдашы Самат Дайыровго турмушка чыккан. Учурда 4 баланын апасы. Балдарынын улуусу 5-класста болсо, кенже кызы Адеми 2 жашта.

Ширин жеңе балдарын экологиялык таза азыктар менен тамактандырат.

«Балдарымды таза азыктар менен тамактандырам. Сүт азыктарын жасап берем. Жайкысын сүт тартып, сары май алып, курут кургатып, кышкыга камылга көрөм. Мен нукура кыргыз кызымын. Таза абада, кенен жайлоодо өскөнүмө кубанам. Биздин айыл ак мөңгүлүү тоолордун арасындагы «шаар». Тургундардын пейили да кенен», - деди ал.

Ширин жеңе цивилизациядан алыс аймакта жашаганына өкүнбөйт. Байланыш түйүнү жок болгону менен коомдук канал көрсөтөт. Ал аркылуу жаңылыктар менен кабардар болушат.

Айыл тургундарынын айтымында, Ширин айылдагы алдыңкы келиндердин бири. Мектепте мугалим болуп эмгектенип, айылдагы маданий иштерди уюштуруп турат. Элеттиктер жайкысын өздөрү «супер көмүр» деп аталган тезектерди даярдашат. Аларды төмөнкү айылдагы үйлөрүнө да алып барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2255
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
amantay
07:53, 27 июля 2016
Урматтуу автор, темаң туура эмес. Цивилизация деп шаарды эле түшүнөт экенсиң. Шаарда сифилизация да бар. Экологиянын тазалыгы, туура тамактануу, жаратылыш менен гармонияда болуу да цивилизация. Бактылуу жашаштын өзү цивилизация. Маданият деген опера театры же концерт эле эмес, же этти вилка менен жегендик эмес.
Көп окулду
Эң кызыктуу
×