Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусу 24.01.2014 09:40

Нарында өрт кырсыгынан 7 млн 522 миң сом чыгым келтирилген

Turmush -  2013-жыл ичинде облус боюнча 161 өрт кырсыгы катталып, жыйынтыгында эл чарбасы 7 млн 522 миң сомдук чыгымга учураган. Мындай маалыматты облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын жетекчиси Чолпонбек Бозгунчуев аймактык кабарчыга билдирди.

Мурунку жылга караганда өрт кырсыгы 40ка көбөйүп, келтирилген чыгымдар 2 миллион 871,5 миң сомго көп болгон.

Эң өкүнүчтүүсү өрт кырсыгынан бир адам жарык дүйнө менен коштошуп, бир адам денесинен күйүк жаракат алган.

Ч.Бозгунчиев өздүк курамдын күч аракеттери менен өрт учурунда 5 адамдын өмүрү сакталып калгандыгын да белгилей кетти. Ошондой эле, жалпы суммасы 70 миллион 55 миң сомдук баалуулуктар корголуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×