При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

«Жеңеке»: Турмуш кургуча күйөөсүнүн кыргыз экенин билбеген казак кызы Гүлжан тактыгы менен «Немис келин» аталды (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — казак кызы Гүлжан Сулиманова. Ал 1962-жылы Казакстандын Ак-Төбө облусунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө өзүнөн улуу эжеси бар. Эки бир тууган болгонуна карабай башка улуттун уулуна турмушка чыкканына өкүнбөйт. Бул чечимге ата-энеси дагы каршы болгон эмес.

4

Жолдошу менен 1979-жылы Ак-Төбөдөгү фабрикалардын биринде таанышкан. Ал убакта жолдошу Каныбек Мурзаев СССРге тиешелүү завод-фабрикалардагы станокторду оңдоп турган.

«Ал убакта улут маселеси жаралчу эмес. Кыргызстан деген өлкө бар экенин да билген эмесмин. Экөөбүз орусча сүйлөшүп жүрүп, кыргыз экенин билгенде таң калдым. Ал Кыргызстан СССРге кирген 15 мамлекеттин катарында бар экенин айтты. Жолдошум аркылуу дүйнө таанымым өзгөрүп, көп нерселерди билүүгө далалаттанып, эл көрдүм, жер тааныдым.

Уулу жок болгондуктан атам мени эркекче тарбиялаган. Үй иштери менен ишим жок болчу. Костюм-шым кийип, чачымды кыска алып жүрчүмүн.

2

Апам алыс жерге турмушка чыгып жатканыма каршы болбостон, менин бактылуу болушумду тиледи. Тоюбуз Ак-Төбөдө өттү. Ал тойго жолдошумдун туугандары катыша албай калды. Баш кошкондон кийин Кара-Сууга келин болуп келдим.

Кара-Сууга жаңы келгенде паранджа кийгендерди көрүп алып корктум. Мен өскөн жерде андайлар жок болгондуктан тасмалардан гана көрчүбүз. Мен калктын 50%ы немис, 30%ы орус, 20%ы казак калкы жашаган аймакта өстүм. Немистер менен жашап, алардын менталитетин кабыл алып калганбыз», - дейт ал.

Аны эски тааныштары «немис келин» дешет. Себеби башкаларга талапты күчтүү коет жана өзү да тактык жагынан башкаларга үлгү. Балдарын, неберелерин убакытты үнөмдөп, текке кетирбөөгө үндөп келет. 

«1982-жылы ноябрда турмушка чыгып, 1983-жылы июлда жолдошум Афганистанга аскерге кетти. Ал убакта кызмат өтөө мөөнөтү эки жыл болчу. Чачымды ар дайым кыска алып жүргөндүктөн, өсүп бараткан чачымды кыскартайын десем, аялдар үчүн чачтарач жок экен. Андан улам жолдошумдун достору мени өздөрү менен кошо эркектердин чачын кыскартуучу жайга алып барышчу. Алар менен барып чачымды кыскартып турчумун.

Жолдошум аскерге кеткенде Өзбекстанда жашаган ата-энеси өздөрүнүн жанына алып кетип, ошол жактан төрөдүм. Жолдошум Афганистанда жүргөндүктөн кат аркылуу гана байланышып турчубуз. Ал кызмат өтөп келгенден кийин мени Кыргызстанга алып келди», - дейт ал.

7

Гүлжан Сулиманова менен Каныбек Мурзаев 1 кыз, 2 уулду өстүрүп, 6 небереге чоң эне, чоң ата болушту.

5

6

К.Мурзаев

8 Сүрөттөр: Үй-бүлөлүк архивден.

«Жеңеке»: Казакстанда өскөн орус кызы Ольга 8 жылдан бери Нарындын үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Шаарда өскөн казак кызы Гүлзамира тоскоолдуктарга карабай кыргызстандык мигрант жигит менен качып кеткен (фото, видео)

«Жеңеке»: Биринчи перзентин 10 жыл күткөн Гүлмира кошуналары үчүн «Шайыр жеңе» (фото, видео)

«Жеңеке»: Жети-өгүздүк А.Мукашеваны жолдошуна кайын атасы ала качып берген (фото)

«Жеңеке»: Орус чөйрөдө тарбияланып, тоолуу Өзгөнгө келин болгон казак кызы Айнура баатыр эне болду (фото)

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото)

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото) 

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)  

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Жолдошу менен жайлоодо бизнес кылган алдыңкы мугалим, эгиздин түгөйү Кундуз эгиздин түгөйүнө турмушка чыккан (фото)

«Жеңеке»: Аксыга келин болгон өзбек кызы Матлюба ат минип, талаа иштерине жардам берүү менен улуттук тамак-аштын түрүн жасайт (фото)   

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×