Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк К.Мусаев тамгалуу таштардан Н.Назарбаевдин ысымын чогултуп, акчалай сыйлык алган (фото)

Turmush -  Түп районунун Балбай айылынын тургуну Кадырбек Мусаев ташка жазылган тамгаларды терип жүрүп, «Аллах», «Владимир Путин», «Юрий Лужков» (Москва шаарынын мурдагы мэри) деген ысымдарды чогулткан. Аймактык кабарчы анын таштарын көрүп келди.

4

6

Анын айтымында, ысымдар табигый түрдө жазылган таштар менен тактага тизилген. Алар менен ар кандай сынактарга катышып келген. 9 жыл ичинде «Нурсултан Назарбаев» деп жазылган таштарды таап, Казакстандын президентине тартуулаган. Президент сый катары берген акчасына Сары-Булак айылынан үй сатып алган.

1

2

Кыргызстандын жана Казакстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Кадырбек Мусаев ошондон бери айыл жеринде жашап, тамгалуу таштарды чогултууну улантып келет.

«Араб тамгалары менен «Аллах» деген сөз жазылган ташты Рамазан айында таап алдым», - деди сүрөтчү.

5

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2254
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×