При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

«Жеңеке»: Москвалык Любовь Исакова 44 жыл мурун Баткенге келип, кыргыз жигитке турмушка чыккан (фото)

Turmush -  Москвалык Любовь Исакова 44 жыл мурун Баткен облусунун Боз-Адыр айылына келин болгон. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

IMG-20160713-WA0106

Анын айтымында, азыр 65 жашта. 44 жыл мурда Москва шаарындагы университетте орус тили боюнча мугалимдик кесипке ээ болгондон кийин Кыргызстандын Баткен облусуна 2 жыл иштөөгө жөнөтүлөт. Ошол учурда жолдошу Мамажан Исаков менен таанышып, баш кошушкан. Учурда 6 баланын, 17 неберенин, 2 чөбөрөнүн ата-энеси болушту.

IMG-20160713-WA0105

«Москва шаарында университетти аяктаган кийин 11 кызды Баткен облусуна бөлүштү. Мен райондогу мектептердин бирине бөлүнүп, иштей баштадым. Иштеп жүргөндө болочоктогу жолдошум аскерден келип калды. Орус тилин жакшы билчү. Ошентип таанышып, баш коштук. Бирге жашап жатканыбызга 40 жылдан ашты. 6 балалуу болдук. Алардын барын жогорку билимдүү кылдык.

Пенсияга чыксам да балдарга билим берип келем. Кыргыз тилин, каада-салтын, улуттук тамак-аштарды жасаганды үйрөндүм. Москва шаарында 2 эжем бар. Алар менен катташып турабыз», - деди ал.

IMG-20160713-WA0107

Любовь Исакова «Эл агартуунун отличниги» наамына татыган.

М.Исаков аскерден келгенден кийин колхоздо иштеп, башкы инженерликке чейин жеткен. 67 жаштагы пенсионер учурда багбанчылык менен алектенүүдө.

«Жеңеке»: Ысык-Көлдө өсүп, Өзгөндүн келини болгон Рахат менен кайын апасы атайын Челябинск шаарына барып таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Волгоградда чоңойгон казак кызы Гүлмира Алайга келин болуп, айылдагы окуучуларга орус тилин үйрөтүүдө (фото)

«Жеңеке»: Орус чөйрөдө тарбияланып, тоолуу Өзгөнгө келин болгон казак кызы Айнура баатыр эне болду (фото)

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото)

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото)

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Жолдошу менен жайлоодо бизнес кылган алдыңкы мугалим, эгиздин түгөйү Кундуз эгиздин түгөйүнө турмушка чыккан (фото)

«Жеңеке»: Аксыга келин болгон өзбек кызы Матлюба ат минип, талаа иштерине жардам берүү менен улуттук тамак-аштын түрүн жасайт (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3186
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×