Turmush — Байымбет Абдракман уулу же Тоголок Молдо - жазма акын жана манасчы. 1860-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган.
Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип «Манас» айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнө таанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.
Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган. Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылдагы Үркүндө жоготуп жиберген.
1936-жылдан тартып кайра баштан киришип, «Манастын» өз вариантын өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскербейт.
Ошондой эле, эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз улуттук илимдер академиясына тапшырган.
Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз илимдер академиясына «Манас» үчилтигинен 98 миң 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен «Семетей» 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми «Манас» бөлүмүндөгү «Манастын ашы» сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Чоюке өмүр уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш.
Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.
Тоголок Молдонун элеси кыргыз улуттук акчасы - сомдун 20 сомдук банкнотуна түшүрүлгөн.