Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.07.2016 19:05

Жумгалдык ветеринар бооз кунаажынга операция жасады (видео)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кабак айылынын ветеринардык дарыгери Тургун Абдыралиев бооз уйдун музоосун операция жолу менен алып чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Операция жасалган кунаажындын биринчи тууту. Уй тууй албай кыйналып жатканда уйдун ээси мал доктурга кайрылган. Эгерде, уй тууй албай өлүп калса, анда ичиндеги музоосу кошо өлмөк. Дарыгер уйду музоосу менен аман алып калды.

«Айылдашыбыз Таштанбек Бокелеев короосундагы кунаажын кыйналып, тууй албай жатканын айтып кайрылды. Уйга операция жасап, баласы экөөнү тең аман алып калдык. Азыр абалдары жакшы», - деди ветеринар Т.Абдыралиев.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×