При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жеңеке: Ысык-көлдүк дарыгер Б.Асанакунова 30 баланы тарбиялап өстүрдү (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — ысык-көлдүк 73 жаштагы Бурулуш Асанакунова 30 баланы тарбиялап өстүргөн. Аймактык кабарчы Б.Асанакунова менен таанышып кайтты.

3

Анын айтымында, өзүнүн 5 баласы менен кошо 17 кыз, 8 уулга тарбия берди. Азыр 13 небереси, 4 чөбөрөсү бар.

1

«Мен 1943-жылы Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында төрөлгөм. 50 жыл мурда Айманбек Асанбековго турмушка чыккам. Азыр Ак-Терек айылында жашайбыз. Педиатр-дарыгер кесибине ээ болуп, Гиппократтын антына бекем туруп, ак ниет кызмат кылдым.

1991-жылы СССР тарагандан кийин эмнегедир элдин жашоосу кыйындай баштады. Башта билинген эмес, тоголок жана жарым жетимдер да көбөйө түштү. Ага Барскоондогу цианид кырсыгы кошумча болду.

Абышкамдын колдоосу менен "Шербет эне" балдар үйүн уюштурдум. Айыл өкмөттөн 5 гектар жер алып иштетип, 17 кызды колубузга алып, 8 эркек бала күндүз бизде, түнкүсүн үйүндө болуп, аларды тарбиялай баштадык. Эмчек сүтүмдү бербесем да элик сүтүмдү берип эне болдум. Бары аман-эсен чоңоюп, өздөрү ата-эне болушту. Асты Россияда,Түркияда, айрымдары Ош, Жалал-Абадда турмуш улантып жүрүшөт.

Бары өз балдарымдай сыйлап, катташып турушат. Алардын тоюнда дайыма төр меники. Менсиз той болбойт. Кайда болбосун алып барышат. 30 бала эмес бир баланы багуу кыйын экенин кыздарым Назгүл Кыныкеева менен Назира Ташбаева эхинококкоз оорусу менен ооруп калганда билдим. "Жигули" унаабызды сатып, Бишкекке алып барып айыктырып келдик. Азыр бары жайында», - деди Бурулуш апа.

2

Дарыгер «Медицина кызматынын отличниги» наамына ээ болгон. Аны медицина кызматкерлеринин күнүндө колунан айыгып кеткендер, уул-кыздары куттукташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×