При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

«Жеңеке»: Орус чөйрөдө тарбияланып, тоолуу Өзгөнгө келин болгон казак кызы Айнура баатыр эне болду (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы – казак кызы Айнура Бошанова. 43 жаштагы А.Бошанова менен 46 жаштагы Тайырбек Жээнбеков түтүн булатып келе жатканына быйыл 25 жылдын жүзү болду.

Айнура Бошанова Ысык-Көл облусунда төрөлүп, орустардын чөйрөсүндө өскөн. Атасы казак, апасы орус улутунан.  Өзгөн районунун 1-Май айылына 1991-жылы келин болуп келген.

«Мен 1990-жылы Бишкекте окуп, жолдошум ошол жакта иштечү. Биз таанышып, бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ата-энелерибиз каршы болгонуна карабай, сүйүүнү биринчи орунга койдук. Менин ата-энем өтө каршылык көрсөткөн жок. Ал эми, кайын атам башында каршы болду. Жолдун алыстыгын, менин башка улуттан экендигим, кыргыз тилин билбегендигим алардын нааразычылыгын жараткан. Кандай болгон учурда да тагдырыбыз бир экен, жети баланы тарбиялап жатабыз.

Жаңы келин болуп келгенде кайын журтту тамакка чакыра албай, "обед", "ужин" дечүмүн.

Биздин үйдө кайын атам өтө сүрдүү болчу. Бары андан сестенип, тайсалдап турушаар эле. Мага кыргыздын жашоосун жакшылап тааныштырган, бир жылда толук кандуу кыргыз кылган кайын атам болду. Бээ сааганды дагы кайын атамдан үйрөндүм.

Кайын энем жана кайын атамдар жайлоого чыгып кеткенде самынды бир бөлмөгө коюп, эшигин кулпулап кетчү. Ал эми мага таштаган самындар жетпей калган учурда тентектик кылып, терезеден кирип, катылган самынды алып чыкчумун. Көрсө, мен кир жууганда самынды көп колдончу экенмин. Андан улам кайын энем аларды үнөмдөп пайдалансын деп катып койчу экен. Алар жайлоодон келгенде самын уурдаганымды өзүм айтып берчүмүн.

Нан жасаганды бир жумада эле үйрөнүп кеттим. Алгачкы жолу нан бышырганда тандырды бузуп алгам. Камырды катуу күч менен жабыштыруу керек деп ойлогом. Катуу урсам, бош турган тандыр кулап түшүп калган. Андан кийин жаңы тандыр курганбыз.

Жүгөрүлөрдү көрүп, ушуну дагы жейби деп таң кала берчүмүн. Бүгүнкү күнгө чейин жүгөрүлөрдү боологон жумушту жаман көрөм.

Ар бир келин бирөөгө бүлө болуп келгенде кыйналат. Бирок, барын сабырдуулук менен жеңүү керек. Оңой эч нерсе жок. Убагында далай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, эми үзүрүн көрүп отурууну насип этти. Мен дагы эл катары жайлоого чыккым келет. Биро, үйдү караган бирөө болушу керек. Улуу кыздарым турмушка чыгып кеткендиктен, кичүүлөрүн караганга адам жок. 2-3 жылдан кийин келин алсам, мен дагы жайлоого чыгам деп белсенип жатам», - деди А.Бошанова.

18 жашында келин болуп келген А.Бошанованын улуу баласы 22 жашта болсо, кичүүсү 6 жашта. 2 кызын турмушка узаткан Тайырбек менен Айнура учурда 2 жээндин таене-таятасы.

«Жеңеке»: Түрк кызы Лайли ата-энесинин каршылыгына карабай Кадамжайга келин болуп келди (фото)

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото)

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото)

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)

«Жеңеке»: Жолдошу менен жайлоодо бизнес кылган алдыңкы мугалим, эгиздин түгөйү Кундуз эгиздин түгөйүнө турмушка чыккан (фото)

«Жеңеке»: Аксыга келин болгон өзбек кызы Матлюба ат минип, талаа иштерине жардам берүү менен улуттук тамак-аштын түрүн жасайт (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4456
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:03,   25.07.2017   ( 63 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу