Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

«Жеңеке»: Түрк кызы Лайли ата-энесинин каршылыгына карабай Кадамжайга келин болуп келди (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — түрк кызы Лайли Юсупова. Ал 2010-жылы Кадамжай шаарына келин болуп келген. Кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн Лайли кыздарына түрк тилин үйрөтө албаганына өкүнгөнүн Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

«Мен Кызыл-Кыя шаарынан болом. Мектепте жакшы окугандыгыма байланыштуу мугалимдерим ал жерде окутуучу болуп калууну сунуш кылышкан. Мен дагы макул болуп, мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Билимимди жогорулатуу үчүн шаарыбыздагы ЖОЖдун биринде мугалимдик кесип берүүчү факультетке кабыл алындым. Ошондон тартып окуу менен ишти бир убакта алып кеттим.

Бир күнү мектепте жүрсөм жогору жактан текшерүү келип калды. Аларга мектепти тааныштырып жүргөнбүздө текшерүүчүлөрдүн арасында жолдошум дагы бар эле. Ошондо ал мени көрүп, мен аны биринчи жолу көрүп, бири-бирибизди жактырып калганбыз.

Жолдошум жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу, айтканын аткарган сапаттары менен жагып калды. Менин жашаган жерим алыс болгонуна карабай бат-баттан жолугушууга келип турчу. Ошентип сүйүүбүздү ачык билдирип, бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.

Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө ал мага үйлөнүү сунушун киргизип, ата-энеси биздин үйгө колумду сурап бара турганын айтты. Ал күн дагы келип, ата-энеси үйүбүзгө барган. Бирок, менин ата-энем "башка улутка кызыбызды бербейбиз" деп түшүндүрүп айтышты. Биздин үй-бүлөнүн тарбиясы ушундай эле. Бир туугандарым дагы башка улуттун жигиттери менен кыздарына баш кошкон эмес. Ата-энем мени дагы алардай көрүп, башка улутка турмушка чыгуума макулдугун бербей коюшкан.

Жолдошум ата-энемдин каршылыгына карабай мени ала качып кетти. Ала качуудан кийин ата-энем артымдан барып, ак баталарын берип, биздин сүйүүнү туура түшүнүшкөн. 10 күндүн ичинде тоюбуз болгон.

Кайын энем менен атамдын жалгыз баласы бар. Жалгыз уулу болгонуна карбай түрк кызын келин кылганына кубанам. Кайын журтум абдан жакшы кабыл алышты. Жаңы келин болуп келгенде өзүмдү жат сезип, башкача боло берчүмүн. Көчөдө бары мени карагандай туюла берчү. Башка чөйрөдө өсүп, өзгөнүн журтуна келин болуп, эми кантип көнөм дей берчүмүн. Чындыгында, каада-салттардан бир аз кыйналдым. Үйгө келин көрүү үчүн келген конокторго жоолук салынып эле жүгүнө берчүмүн. Бул жүгүнүү, конокторго сый көрсөтүү кайын энемдин каалоосу болчу. Буга чейин мындай салттардан кабарым жок болгондуктан барын таң калуу менен кабыл алчумун.

Өзүм Кыргызстанда чоңойгондугума байланыштуу келиндик кызматтан көп деле кыйналган жокмун. Кайын энем мага барын үйрөттү. Буга чейин кыргыздын улуттук тамактарын даярдоо ыкмасын билбейт болчумун. Турмушка чыккандан кийин улуттук тамактардын түрүн жасап калдым.

Эки кызым бар, улуусу 5 жашта. Кыздарым кыргыз тилинде гана сүйлөп, түрк тилин билишпейт. Менин төркүнүмө барганыбызда алар түркчө сүйлөп кайрылышса түшүнбөйт. Атам жок дегенде "отур, тур" деген сөздөрдү үйрөтүп кой деп айтты. Бирок, бул жакта түрк тилин үйрөтөйүн десем чөйрөдө эч ким түркчө сүйлөбөйт. Кыздарым түрк тилин билбегенине өкүнөм», - деди Л.Юсупова.

Лайли ушул күнгө чейин бир тууган агасы менен бирге отуруп чай ичпегенин айтат. Анын себебин тарбиянын катуулугунда деп түшүндүрдү.

«Атам дагы, апам дагы чоң молдо. Алар бизге дин жактан дагы, маданият жактан дагы катуу тарбия берген. Үй-бүлөдө 5 кыз, бир уулбуз. Эң улуубуз агам. Ата-энемдин тарбиясы күч болгондугу үчүн ушул күнгө чейин бир тууган агам менен бир столдо чай ичип, көзүнө тик карап сүйлөй элекмин. Төркүнүмө барганда сөзсүз жоолук менен барам», - деди Лайли.

28 жаштагы Л.Юсупова учурда Баткен шаардык Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте орус тил сабагынан мугалими болуп эмгектенет. 31 жаштагы жолдошу Кылычбек Тажибаев Баткен облустук прокуратуранын кызматкери. Экөө учурда эки кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7798
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×