Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

«Жеңеке»: Сокулуктагы дарыгер З.Пулатова чырактын жарыгында наристенин төрөлүшүнө жардам берген (фото)

Turmush -  Сокулуктун тургуну Зейбе Пулатова 30 жылдан бери ооруканада эмгектенет. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Анын айтымында, Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айылында 1967-жылы жарык дүйнөгө келген.

«Атам "Ынтымак" совхозунда иштеген. Апам үй кожойке болуп, бизди тарбиялап өстүрдү. 5 бир туугандын экинчисимин. Ынтымак орто мектебинде 8-классты бүтүргөн соң, Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык окуу жайга өттүм. Аны 1986-жылы аяктап, Ынтымак айылындагы фельдшердик-акушердик пунктта фельдшер болуп иштеп баштадым. Жумушка киргенден кийин 6 ай өтпөй Кызыл-Кыя шаарына турмушка чыктым. Андан кийин аталган шаардын Бам айылындагы төрөт үйүндө, 1993-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы төрөт үйүндө иштедим. Кийин 2002-жылы Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Студенттер айылына көчүп келип, аталган жердин фельдшери пенсияга чыгып жатканына байланыштуу анын ордуна иштеп калдым.

2002-жылдан бери фельдшердик-акушердик пунктта жетекчи болуп эмгектенип жатам. Бул тармакта баш-аягы 30 жыл иштедим», - деди ал.

Ал 14 жылдын ичинде Студенттер айылынын элине ак кызмат кылып, көпчүлүктүн алкышына арзыды. Айылдын эли анын ишине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин, таза жана тыкандыгын, ошондой эле кичипейил мамилесин бир ооздон айтып макташат.

«Айылда өзгөчө кырдаалдарда, айрыкча төрөт маалы жакындап калган кош бойлууларга күн-түн дебей жардам беребиз.

Бир жолу кызыктуу окуя болду. Кимсания деген жергиликтүү айымдын жолдошу түнкү саат 01:00 чамасында шашылыш чакырып келди. Келинчеги толготуп калган экен. Сыртта кычыраган кыш, электр жарыгы дагы жок. Барсам ооруканага алып барууга жетишпей калчудай экенбиз. Кошуналарынан болгон чырактарды чогулттурдум. Чырактарды тегерете тизип, анын жарыгында аман-эсен төрөтүп алдым. Андан кийин ымыркайды эмизип, жууп-тазалап, ооруканага жеткирдик. Ишиме жөлөк болуп, ушундай кырдаалдарда мага дем берип турган жолдошум Абибилага ыраазымын», - деди медайым.

Дарыгер айым 3 уул, 2 кыздын 5 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1946
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу