Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

«Жеңеке»: Латвияда өскөн Ласма алайлык жигитке турмушка чыгып, туугандары көбөйгөнүнө сүйүнөт (фото, видео)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — латыш кызы Ласма Таканбекова. Ал 2009-жылы Алай районунун Гүлчө айылына келин болуп келген. Жолдошу Нуркен Таканбеков менен бир кыз, бир уулду тарбиялап жатышат.

Turmush басылмасынын кабарчысы Ласма жеңе менен Нуркендин жардамы аркылуу кыргыз тилинде баарлаштты.

«Биз 2006-жылы Латвиянын Валмиера шаарындагы университетте немис тили сабагында таанышканбыз. Жолдошум Нуркен Латвияга 6 айга тажрыйба алмашуучу студент катары келген экен. Немис тили сабагында биз бири-бирибизди сырттан гана таанучубуз. Бир күнү биз жашаган жатакананын залында Нуркен гитара чертип отурган. Анын гитара черткени мага жакты. Ал мени сөзгө тартып, кечки саат 8ден эртең мененки саат 8ге чейин сүйлөшүп отурдук. Ошондон тартып күндө ал жерде сүйлөшүп отурууну адатка айландырдык.

Жолдошумдун адамгерчиликтүүлүгү, тамашакөйлүгү жана жөнөкөйлүгү абдан жаккан. Ал мезгилде улуту башка деп эч качан ойлогон эмесмин. Башым бош мезгилде башка улуттун мырзасын сүйүп калам деп ойлобоптурмун. Себеби мен Литвиянын абдан кичинекей шаарында жашачумун. Мен жашаган шаарда башка улуттун адамдары өтө сейрек кездешчү.

Досторумдун бары Нуркенди жакшы таанышчу. Биздин мамиле сүйүүгө айланганынан кабардар болгондо бары кубануу менен кабыл алышкан жана бизди колдошкон. Мен кыргыз мырзасына турмушка чыгып жатканымда ата-энем жолтоо болбогону менен кайгыруу менен кабыл алышты окшойт. Мага билдирбегени менен аларды ар кандай суроолор түйшөлтүп турду. Улуту, дини, эли башка деген ой болду. Бул сыяктуу түшүнбөгөн суроолор менде дагы көп болчу. Жолдошум барын акырындап түшүндүрдү.

Кайын журтум абдан жакшы кабыл алды. Турмушка чыкканга чейин 10го жакын тууганым болсо, турмушка чыккандан кийин 100дөн ашты. Мен туугандарымдын саны көбөйгөнүнө абдан сүйүнөм. Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыргыздар туугандары менен жакшы мамиледе. Бат-баттан катташып, сыйлашып турушат.

Кыргызстанга эки жолу бардым. Бирок, Америкада жана Латвияда жашаган кайындарым менен бат-баттан жолугуп турабыз.

Кайындарыма колумдан келишинче кызмат кылгым келет. Бирок, апам (кайын апасы) мени аяп, жумуш жасатпайт. Үй иштерин кээде гана жасатпаса, көбүнчө жаш балдарды каратып коет. Бул көрүнүш мага абдан жагат. Себеби, жаш балдар менен бат тил табышам жана аларды караган жагат.

Келин болгонума 10 жылга жакындап калды. Ал аралыкта эки өлкөнүн айырмачылыктарын байкап, ал тургай саресеп да салып келем. Мисалы, Кыргызстандагы айдоочулардын жол эрежесин туура сактабагандыгы, түнү уктаар алдында күчтүү тамактарды жеп алганы, ата-энелер балдарын үйлөнткөнүн эске албаганда бары жакшы.

Конок тосуу үчүн тамактын түрлөрү жасалып, кенен дасторкон жайган меймандос элге келин болгонума сыймыктанам. Кыргызстан жаратылышы менен адамдарды өзүнө тартып турат. Жолдошум туулган жерин кандай сагынса, мен дагы ошондой Кыргызстанды сагынып турам», - дейт Ласма жеңе.

30 жаштагы Ласма кыргыз тилинде эркин сүйлөй албаса да аракети күч дешет кайын журту.

Балдарына үч тилди (кыргыз, латыш, англис) үйрөтүп жаткан үй-бүлө биринчи орунга кыргыз тилин коюшат. Алардын кызы Мелиса учурда 9 жашта, ал эми уулу Эмил 3 жашка толду. Учурда Ласма менен Нуркен Латвиядагы компаниялардын биринде эмгектенишет.

Мелиса Юрмаладагы отчеттук концертте

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11126
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:29,   20.11.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×