Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 24.01.2014 09:04

Ысык-Көл чек ара кезметине куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топ жок кылынды, бир чек арачы жеңил жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 23-январда Кыргызстандын жаранын өлтүргөн жана Ысык-Көл чек ара кошуунунун чек ара кезметине куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топ атайы операциянын жүрүшүндө ликвидацияланды.

КР мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, атайы операциянын жүрүшүндө 11 кылмышкер жок кылынды.

КР мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери арасынан бир чек арачы жеңил жаракат алды.

Окуянын себебин жана жагдайын тактоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Таалайбек Усубалиев жөнөтүлгөн.

Эске салсак, кечээ, 23-январда Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон. Чек арачыларга түшкөн маалыматка таянсак, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Атышуу учурунда эки кылмышкер каза таап, кылмыштуу топ чек арачылардын курчоосунда калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×