Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2016 18:01

Некролог: Академик Алмаз Алдашев дүйнөдөн кайтты

Turmush -  Кечээ, 19-июнда КРнын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академиянын химиялык-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл чарба бөлүмүнүн төрагасы, академик М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборундагы молекулярдык биология жана медицина илим изилдөө институтунун негиздөөчүсү жана директору, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын фундаменталдык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор, биология илимдеринин доктору, КР УИАнын академиги жана Президиумунун мүчөсү Алдашев Алмаз Абдулхаевич дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

апиаиа

Молекулярдык биология боюнча белгилүү окумуштуу биохимик А.А.Алдашев 1953-жылы туулган. 1971-жылы Москвадагы Н.И.Пирогов атындагы медицина институтуна кирип, аны «биофизика» адистиги боюнча 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1977-жылы СССР Илимдер академиясынын Шемякин атындагы биоорганикалык химия институтунун аспирантурасына кирип, 1983-жылы биохимия адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

1999-жылы Россиядагы кардиологиялык илимий-практикалык борбордо (Москва шаары) биохимия адистиги боюнча докторлук диссертациясын коргогон. Ага молекулярдык биология тармагы боюнча профессор наамы ыйгарылган. 2003 -2008-жылдар аралыгында А.А.Алдашев КРнын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы болгон.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы илим боюнча координациялык кеңештин жооптуу катчысы болгон. 2013-жылдан баштап КР УИАнын вице-президенти, химиялык-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл чарба бөлүмүнүн төрагасы, 2002-жылдан бери Улуттук кардиология жана терапия борборундагы молекулярдык биология жана медицина илим изилдөө институтунун директору болгон.

А.А.Алдашев илим тармагындагы бир катар наамдардын жана сыйлыктардын ээси. Ал 1983-1984-жылдар үчүн илим жана техника тармагы боюнча Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагы боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы КР УИАнын мүчө-корреспонденттигине шайланган жана 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы ыйгарылган. 2005-жылы илим боюнча «Жылдын мыктысы» сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы КР УИАнын академиги болуп шайланган.

Ал КРнын саламаттыкты сактоонун отличниги болуп, Кыргыз ССРинин ЛКСМ БКсынын бир нече жолку ардак грамотасы менен да сыйланган. Академик А.А.Алдашев 2011-жылы эл аралык көз карандысыз рейтингдин негизинде Борбор Азиядагы эң көп шилтеме берилген макалалардын автору катары Казак Республикасынын илимий жана техникалык улуттук маалымат борборунун «ПАРАСАТ» сыйлыгына ээ болгон.

Академик А.А.Алдашев Томсон-Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эмгектерине эң көп шилтеме берилген (эл аралык журналдарда 1680дан ашык шилтеме берилген жана ал Хирша Индекси боюнча 22ге барабар) окумуштуу болгон.

Академик А.А.Алдашев Кыргызстанда жүрөк жана кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнүн молекулярдык-генетикалык негиздерин иликтеген илимий багыттын жетекчиси болгон. Ал өпкө гипертензиясынын жогорку генезисинде бир катар гендердин полиморфизмдеринин ролун далилдеген, андан тышкары ишемикалык инсульттун жана артериалык гипертониянын тукум кууган формаларын аныктаган. Ал артериалык гипертензиянын жогорку өпкө патогенезисинде мурда белгисиз болгон митогендик белокту биринчи болуп ачкан автор.

А.А.Алдашев ооруну молекулярдык-генетикалык жактан диагностикалоодо биочип-анализ деген азыркы шартка ылайык жаңы ыкманы ойлоп тапкан жана аны ишке ашырган. Биочип анализи кургак учукту козгогучтардын антибиотиктерге туруштук берүү мөөнөтүн аныктоону 2-3 айдан 2 күнгө түшүрүп, сыркоолорду тез дарылап, өлкөгө социалдык-экономикалык зор натыйжа алып келген.

1987 – 1994 –жылдары А.А.Алдашев СССР менен АКШнын кызматташуусунун алкагында ишке ашкан «Биология жана өпкө медицинасы» аттуу илимий-изилдөө программасынын жооптуу аткаруучусу болгон.

В 1989–1994-жылдары АКШнын Колорадо Университетинин медициналык борборунда кызматташуу боюнча иштеп, 1995 – 1997-жылдары ал жерде профессор-визитер болуп такай иштеген. 1992, 1998 жана 2002-жылдары Париж Университетинин лабораторияларында профессор-стажер болуп иштесе, 1998 –жылы жана 2000-жылы Улуу Британиянын Империялык Колледжинде жана Кембридж Университетинде иштеген. 2001-жылы АКШнын Мэриленд Университетинде профессор-стажеру болгон.

А.А.Алдашевдин түздөн-түз жетекчилигинин жана анын катышуусунун негизинде АКШнын жүрөк, өпкө жана кан боюнча Улуттук институту, Колорадо Университети, Огайо штатындагы Кейз Вестерн Резерв Университети, Мэриленд Университети, Сан-Диегодогу Калифорния Университети, Франциянын Париж Университети, Улуу Британиянын Империялык Колледжи, Кэмбридж, Оксфорд Университеттери, Германиянын Дельбрюк атындагы молекулярдык медицина Борбору, Гиссен Университети, Даниянын Копенгаген Университети, Бельгиянын Брюсселдеги Эркин Университети, Япониянын Фукуи жана Шиншу Университеттери, Индиянын физиологияны коргоо институту, Россия илимдер академиясынын В.А.Энгельгард атындагы молекулярдык биология институту, Сибирь бөлүмүнүн цитология жана генетика институту(Новосибирск), Россиялык кардиологиялык илимий борбор, Россиянын медициналык академиясынын медициналык генетика илимий-изилдөө инстутуту жана башка илимий мекемелер менен эл аралык кызматташтык жолго салынган.

Алдашев А.А. КРнын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын, өпкөдөгү кан айлануу боюнча Эл аралык институттун Аткаруу комитетинин (Лондон, Улуу Британия), Тоо медицинасы жана биология боюнча Эл аралык коомдун Президиумунун, Европалык респиратордук коомдун, Бүткүл дүйнөлүк инновациялык фонддун, Кыргызстандын торакалдык коомунун мүчөсү болгон.
Ал 150дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде АКШнын, Европа менен Россиянын атактуу илимий журналдарында жарыяланган 80ден ашык фундаменталдуу илимий иштердин автору. Академик А.А.Алдашев эң абройлуу Nature аттуу илимий журналда өз макаласын жарыялаган Борбор Азиядагы жалгыз илимпоз.

Академик А.А. Алдашев АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Европа Биримдиги менен Индиянын бир катар эл аралык илимий атактуу журналдарынын Редакциялык коллегиясынын мүчөсү жана расмий рецензенти болчу.

2003 –жылдан 2008-жылга чейин КР УИАнын Президиумунун Башкы окумуштуу катчысы катары реформа жүргүзүү, академиялык илим системасын модернизациялоо жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча иштеп, Кыргыз Республикасында илим системасын реформалоо жана академиялык илим системасын модернизацилоо боюнча Концепция менен Программанын авторлорунун бири болгон.

Академик А.А. Алдашев КММАнын фундаменталдык дисциплиналар кафедрасынын башчысы катары илимий-педагогикалык ишмердигин да көрсөткөн. А.А.Алдашевдин жетекчилиги менен 12 кандидаттык жана 4 докторлук диссертация корголгон. Академик Алдашев тарбиялаган 13 адис биохимия, молекулярдык жана клеткалык биология тармагы боюнча АКШнын Джон Хопкинс, Чикаго Университеттеринде, Улуу Британиянын Кэмбридж Университетинде, Германиянын Гиссен жана Гумбольдт Университеттеринде жана Швейцария менен Россиянын лабораторияларында иштешет.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандары менен жакындарына көңүл айтабыз.

Алмаз Абдулхаевичтин жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүк сакталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×