Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.06.2016 17:34

ЖК депутаттары Түндүк-Түштүк жолунун курулушу менен таанышып жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна бүгүн, 20-июнда келген Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлдөрүТүндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ага, депутаттар Алмазбек Токторов, Тынчтыкбек Конушбаев, Калдарбек Баймуратов, Марат Аманкулов, Сайдолимжан Жураев, Бактыбек Сыдыков, Эмил Токтошев, Жунус уулу Алтынбек жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин, токой чарба башкармалыгы жана Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү катышууда.

Алгач делегация райондун Арал, Өрнөк айылдарында жүрүп жаткан курулуш иштери жана Көкөмерен суусунун деңгээли көтөрүлгөн учурда желген унаа жолдун абалы менен таанышып жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолун куруу иштери Жумгал менен Казармандын ортосунда уланууда (фото)

Видео - Көкөмерен дарыясы ташып, курулуп жаткан Түндүк-Түштүк унаа жолун каптоодо (фото)

Кыргызстандын жаратылышы: Көкөмерен суусу менен Нарын дарыясынын кошулган жери (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×