Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусу, Нарын 20.06.2016 17:00

Нарындагы «Арсенал» рейди менен 6 кылмыш ачылып, дайынсыз жоголгон 2 адам табылды

Turmush -  Кечээ, 19-июнда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы уюштурган «Арсенал» оперативдик иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган башкармалыктын маалымат катчысы М.Султаналиева билдирди.

13-июнда башталган иш-чаранын алкагында жарандардан мыйзамсыз сакталган 3 ок атуучу курал алынды. Ошондой эле, атуулдар өз ыктыяры менен ар кандай калибрдеги 7 ок атуучу курал-жарактарды тапшырышты.

Операциянын жүрүшүндө 6 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон 2 адам табылган. Ар кандай административдик жана жол эрежесин бузган 354 адамга протокол толтурулуп, мас абалда унаа башкарган 19 айдоочу кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×