Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.06.2016 16:49

Жалал-Абадда 2020-жылга чейинки туризмди өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгат

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы район-шаарлардын 2020-жылга чейинки туристтик өзгөчөлүктөрүнүн концепциясы иштелип чыгылат. Буга байланыштуу токтомго өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева кол койгонун облустук администрациядан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, туризм чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жыл бою чет өлкөлүк жана республиканын жарандарынын мамлекеттик чек арадагы көзөмөлдөн өтүүсүнүн жол-жоболору талдоого алынат.

Шаарлар менен райондордун жетекчилери облустук мамлекеттик администрациянын аймактык өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте туризм аймактарына баруучу республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду реконструкциялоонун жана куруунун жалпы пландарына киргизүү үчүн өкмөткө сунуш даярдайт.

«Облустук жана райондук маанидеги жолдорду жана башка зарыл болгон туристтик инфраструктураны мамлекеттик жеке өнөктөштүк принциптеринде куруунун тең каржылоо механизмин иштеп чыгуусу керек. Жол боюндагы инфраструктураны өнүктүрүү иш-чараларын көрүшөт. Маданий-этнографиялык иш-чараларды чагылдырган календарлар даярдалып, жайылтылууга тийиш. Жыл сайын райондук жана шаардык көргөзмө жармаңкелер уюштурулушу керек.

Билим берүү мекемелеринде туризм боюнча тарбиялык сааттар өткөрүлүп, дил баяндар жазылат. Экстремалдуу туризм жана альпинизм менен алектенген туристтик уюмдардын жетекчилери коопсуздук эрежелерин сактоого үйрөтүлөт. Мейманкана, отель, эс алуу үйлөрү менен туристтик комплекстерди ачуу үчүн инвестиция тартуу, эс алуучу аймактарды жашылдандыруу, калктуу конуштарды жасалгалоо дагы жергиликтүү бийликтердин башчыларына милдеттендирилди. Эс алуучу жерлерде тазалоо курулмалары натыйжалуу иштеп, курорттор жана айыл аймактар таза кармалышы керек», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×