Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусу, Нарын 20.06.2016 16:45

Нарындагы ири дүкөндөрдө керектөөчүлөрдүн укуктары сакталбай, жетекчилиги айрым талаптардан кабары жок

Turmush -  Нарын шаарындагы бир катар азык-түлүк саткан дүкөндөрдө «КРнын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо» жана «КРнын Мамлекеттик тил» жөнүндө мыйзамдары одоно бузулуп жаткандыгы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин облустагы бөлүмү уюштурган рейддик жүрүштө дагы бир жолу ачыкка чыкты.

Мамлекеттик тил комиссиясынын, аталган бөлүмдөн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган топ шаардагы дүкөнгө киргенде бир катар мыйзам бузуулар четинен эле оркоюп көрүнүп турду.

«Мына бул Кытай өндүрүшүнөн чыккан соя экен. Бирок, кыргызча түгүл орусча дагы эч жазуулары жок сатылууда. Мыйзамга ылайык, сырттан кирген азыктарда сөзсүз кыргыз тилинде жазуулары болушу керек», - деп түшүндүрмө берди Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жетектөөчү адиси Нурзат Асанбаева.

Аталган агенттиктин облустук бөлүмүнүн башчысы Сагын Маматоморов дагы ал дүкөндөгү мыйзам бузууну белгиледи.

«Бул дүкөндөгү азыктардын 80%ы биздин мыйзамды бузуу менен сатылып жаткандыгын аныктадык. Кыргызча маркировкасы жок азыктарды сатыкка коюуга болбойт. Эми административдик чара колдонуу үчүн алгач көрсөтмө катары эскертүү беребиз. Ал талап 10 күндө аткарылышы керек. Ага болбосо 5 миң сом айып салынат жана үчүнчү жолкусунда иш укук коргоо органдарына берилет», - деди С.Маматоморв.

Бул жүйөөгө дүкөндүн администратору Мирлан Жумагулов макул болду.

«Биз сырттан келген азыктарды фирмалардан дүңүнөн сатып алабыз. Чындыгында аларда кыргызча жазуу болушу керектигинен кабарыбыз жок болчу. Эми биз дагы кыргызча жазууларга талап кыла баштайбыз», - деди М.Жумагулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×