Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 20.06.2016 16:35

Майлуу-Сууда мистенин дарагына асынып алган келинди куткаргандар сыйланды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында мистенин дарагына жоолугу менен асынып алган 22 жаштагы келинди куткаргандар Жалал-Абад ОИИБге чакырылып, сыйланды.

Бүгүн, 20-июнда өздүк курамдын катышуусунда Майлуу-Суу шаарынын тургуну Арзымбек Балакбаев менен ШИИБдин аймактык тескөөчүсү Токтосун Саралаевге өз өмүрүнө кол салган атуулду сактап калгандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Ардак грамотасы ыйгарылды.

Аны Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси Жеңишбек Жоробеков тапшырып, өзүнүн жылуу пикирин билдирди.

«Өз өмүрүнө балта чапкан адамга жардам көрсөтүп, келиндин өмүрүн сактап, жарык жашоо тартуулаганыңар үчүн өздүк курамдын атынан ыраазычылык билдирем. Милиция – эл үчүн иштейт жана кызмат кылат», - деди ал өз сөзүндө.

Эске салсак, турмушка чыкканына бир аптадан ашкан келин мисте дарагына жоолугу менен асынып алганын жергиликтүү жашоочу А.Балакбаев көрүп, 102 кызматына маалымат берген жана өзү даракта асынып турган келинди чечип алган. Өз учурунда жетип келген аймактык тескөөчү келинге жасалма дем алдырып, ооруканага жөнөтүшкөн.

Өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган келиндин абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×