Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 20.06.2016 16:23

Тогуз-Тородо жол кырсыгын алдын алуу үчүн өспүрүмдөр катышкан акция өтүүдө (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо РИИБдин демилгеси менен район аймагындагы калктуу конуштарда «Көңүл бургула балдар!» жана «Биздин балдар – биздин планетанын келечеги» аттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Тогуз-Торо РИИБдин Жол кайгуул кызматынын ага тескөөчүсү Раатбек Исаковдун айтымында, алар өспүрүмдөргө шириндиктерди тартуулап, лимузинге отургузуп эс алдыруу менен көчөлөрдү милициянын атайын автоунаасынын коштоосунда айландырып чыкты.

«Жаш балдар биздин келечектеги муундун пайдубалы. Аларга туура, оң тарбия берүү менен келечектин пайдубалын бекемдөөгө шарт түзүлөт. Албетте, милиция кызматкерлеринин колунан балмуздак алуу, сый көрүү жаш балдар үчүн аябай маанилүү деп ойлойм. Себеби алар жашынан тартып милиция кызматкерлерине жакын болуп чоңоюп, алардын ишеничине биз ээ болуп, кылмыш менен кырсыктардан алыс болот деген максаттарыбыз бар.

Андан сырткары, аларды баалуу автоунааларга отургузуп, ЖККнын кызматтык унаасынын коштоосунда, өрт өчүрүү кызматынын автоунаасын кошуп алып, коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, үн күчөткүч аркылуу жол эрежелерин сактоочу чакырыктарды тынымсыз айтып турдук», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×