Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу 20.06.2016 16:17

7 баллдык жер титирөөдөн кийин атайын ачылган эсептен кара-суулуктарга 33,6 млн сом бөлүндү, - өкмөт өкүлчүлүгү

Turmush -  2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титирөөдөн улам жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке келип түшкөн акча каражатынан Кара-Суу районуна 33 млн 609 миң сом бөлүнгөн. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлгөн комиссия барын карап чыгып, 4-5 даражадагы жабыркаган турак үйлөрдүн санын 288 деп тапкан.

Чогулган каражат бөлүштүрүү боюнча буйруктун негизинде райондук мамлекеттик администрациянын эсебине которулган. Ал каражатты айыл аймактарда атайын түзүлгөн комиссиялар бөлүштүрүп берет. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, ар бир жаран паспорту аркылуу тиешелүү банктан бөлүнгөн каражатты ала алат. Жабыр тарткан жарандардын мамлекеттен, коомдук уюмдардан жана башкалардан келген жардамдарды алгандыгы каралып, каражат жабырлануучуларга тең бөлүнөт.

Кара-Суунун Чайчи айылында 2015-жылдын 17-ноябрында очогундагы күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталып, жүздөгөн үйлөр жарактан чыккан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×