Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.06.2016 16:02

Сузакта өспүрүмгө сексуалдык аракеттерди жасоого шектелген имам башкарган мечиттин жамааты менен казыяттын өкүлдөрү жолукту

Turmush -  Сузак районунда 10 жашар балага сексуалдык аракеттерди колдонуп жүргөн деп шектелип кармалган имам башкарган мечиттин жамааты менен облустук казыяттын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу облустук мусулмандар казыятынын казысы Абдулазиз Закиров билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 19-июнда казыяттын кызматкерлери мечиттин жамааты менен жолугушту. Ал мечит шектүү катары кармалган имамдын атасынын атынан коюлган.

«Имам тууралуу толук маалыматты биз милиция кызматынан дагы сурап жатабыз. Казыят райондордун жана айыл өкмөттөрдүн имамдарын дайындай алат, ошондуктан айыл өкмөттүн имамынан сөз болуп жаткан имам тууралуу маалымат сурадык. Бул боюнча бизде да тактоо иштери жүрүп жатат. Кармалган атуул 2013-жылы айыл өкмөттүн имамы тарабынан мечитке имам болуп дайындалган», - деп билдирди облус казысы.

Анын белгилөөсүндө, мечиттеги жамаат имамдын жүрүш-турушу тууралуу жакшы пикирлерди айтышкан.

«Облустук казыят дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына жараша имамдын ишмердүүлүгү боюнча чечим чыгарылат», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×